«АК ДИЛ»айкөлдүк кыймылы»
«АК ДИЛ» АЙКӨЛДҮК КЫЙМЫЛЫ»
ПрогрессивдүүДемилгелер Фонду «Ак Дил» айкөлдүк кыймылынын программасын» ишке ашырып баштады
Кыргызстанжа алгачкы жолу студенттерге жана жаштарга «Ак Дил» айкөлдүк кыймылынын алкагында бирдиктүү, күчтүү, азыркы заманга ылайык өз эрки менен иштөөчү кыймылга биригип,чоң масштабдуу акцияларды жана иш чараларды өткөрүп шаар, айыл жергеси, ар кайсы уюмдарга, жетишпеген жарандарга, айлана-чөйрөгө, жаш үй-бүлөлөргө, чыгармачылыктын өкүлдөрүнө, ишкерлерге ж.б. муктаж адамдарга акысыз жардам берүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүк берилип жатат.
Эгер сиз жаш, кайраттуу, өлкөнүн патриоту болуп, жаңы достторду таап, коомго пайда бергенди тилесеңиз, өзүңүздүн жогорку окуу жайыңызда же башка уюмдарда айкөлдүк команда түзсөңүз болот.
Айкөлдөр кыймылынын катышуучулары автономдук тартипте донорлор жана меценаттрдын колдоосу менен жана башка командалар менен бирге кызматташтырып масшабдуу акция жана иш чараларды ишке ашырса болот
Прогрессивдүү Демилгелер Фонду мыкты командаларды аныктоо жана сыйлоо максатында квартал сайын командалар арасында «Мыкты айкөлдүк командасы» жана «Жылдын айкөл адамы» аттуу конкурстарын өткөрүп, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлык берип турат.
Айкөлдүк кыймылдын катышуучуларынын иш алып баруу принциптери – ыктыярдуулук, демилгелүүлүк жана жигердүүлүк болуп эсептелет.
Айкөлдүк кыймылынын катышуучулары төмөнкүдөгү кошумча мүмкүнчүлүк жана артыкчылыктарга ээ болот:
1. коомдун социалдык маанидеги көйгөйлөрдү чечүүсүнө салым кошуу жана айрым жарандарга пайда алып келүү үчүн, бирдиктүү, күчтүү, заманбап кыймылга бириккенге мүмкүнчүлүк берилет
2. ар бир катышуучу жакшылык көрсөтүүгө умтулушун иш жүзүнө ашырып, айкөл атын алат жана өлкөнүн эң активдүү жана демилгелүү айкөл адамы катары тарыхка калат
3. ар бир катышуучу конкурста жеңип, « Жылдын айкөл адамы» аттуу наамын алганга мүмкүнчүлүккө ээ болот . Бул наам коомдо сыйга татыктуу, ардактуу жана кадырдуу атак болуп эсептелет.
4. айкөлдүк кыймылынын катышуучулары иш таржымалына жазууларды алып, жумушка орношууда кошумча артыкчылыкка ээ болот. Активдүү атуулдук позициясы бар инсан болуп таанылат.
5. бул долбоор катышуучулар үчүн эмгек карьерасын баштап же улантууга баштапкы аянтча катары колдонула алат
6. айкөлдүк кыймылына катышуу - турмуш билим же тажрыйбаны алууга кошумча мүмкүнчүлүк берет.
7. ар кандай иш-чараларда, акцияларда жаңы досторду табууга, керектүү байланыштарды чыңдоого, пайдалуу байланыштарды түзүүгө мүмкүнчүлүк берилет.
8. эң мыкты катышуучулардын жана командалардын иштери Фонддун сайтында жана башка белгилүү массалык маалымат каражаттарында көрсөтүлөт.
Добавить комментарий