«Кыялымдагы Кыргызстан – өлкөнүн өнүгүү модели» аттуу телеоюн сынагы жарыяланууда
03 март 2014, 17:07
Баракелде - Прогрессивдүү демилгелер фонду, КТРК, «Акыл Тирек» сынагынын номинанты Гүлзат Майчинова жана К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университети кыргыз элинин улуттук кыялын табууга жана анын мамлекеттин өнүгүү жолундагы маанисин ачып берүү, өлкөнүн өнүгүү моделин түзүү үчүн жаштар арасында «Кыялымдагы Кыргызстан – өлкөнүн өнүгүү модели» аттуу телеоюн сынагын жарыялоодо.
Уюштуруучулардын бири – фонддун басма сөз кызматы билдиргендей, долбоордун негизги максаты - жаштардын жаңычылдык менен айырмаланган, өзгөчө ой-жорумдагы, оң жактуу өзгөрүүлөрдү сунуштап киргизе алган идеялары аркылуу жана алардыинновациялык иш-чараларды, форматтарды жана технологияларды пайдалануу менен кыргыз элининулуттук кыялын алып чыгуужана мамлекеттин өнүгүү моделин түзүү. Кабыл алынган конкурстук иштердин ичинен эң мыкты 3 долбоорлорду алып чыгуу, аларды телереалити-шоу аркылуу коомго тартулоо жана ишке ашырууга түрткү берүү.
Сынакка 16 жаштан 30жашка чейинки жаштар, жогорку класстын окуучулары, студенттер катыша алышат. Бир иштин автору 3-5 кишини түзгөн топ болушу мүмкүн. Түзүлгөн топтун атынан бир лидер даярдалат. Катышуучулар өздөрү жашап жаткан аймагын же шаарын өнүктүрүү боюнча жаңыча өнүгүүнү сунуштагандар, маселеге жаңылануу менен мамиле кылгандар, оңдоп-түзөө маселесин чечүүдө өзгөчөлөнгөн жана таасирдүү идея жана сунуштарды көрсөтө алгандар тандалат.
Жарышка республикалык, шаардык, аймактык масштабдагы көйгөйлөрдүн чечемин көрсөтүү. Алар төмөнкү багытта болушу мүмкүн:
- Экономиканын туруктуу өнүгүүсү
- Мамлекетти башкаруу
- Саясат (ички, тышкы)
- Миграция
- Билим берүү
- Кыргыз тилин өнүктүрүү
- Тарыхый-маданий көз-караш
- Социалдык чөйрө
- Ички баалуулуктар
- Спорт
- Дени сак жашоо түрү
- Туризм
- Технология жана прогресс
- Айланадагы чөйрөнү өнүктүрүү
- Турак-жай жана жумуш менен камсыздоо
- Архитектура жана курулуш
- Коопсуздук
Конкурстук иштердин экспертизасы жана жеңүүчүлөрдү аныктоо 3 этаптан турат:
Алгачкы экспертиза (долбоорлор сайт аркылуу кабыл алынат)
1-комплекстүү экспертиза (аймактарда тандалган долбоолор арасында ачык телеоюн жарышы өтөт)
2-комплекстүү экспертиза (мыкты долбоорлор тандалат, финал)
Жеңишке ээ болгон 1- орунга 1500 доллары, 2 – орунга 1000 доллары, 3-орунга 500 доллары акчалай сыйлык берилет.
Добавить комментарий