12-октябрь күнү коомдук мектептин студенттерине А.Жумадилов лекция ѳттү
Лекциянын жүрүшүндѳ Амангелди Жумадилов, бардык жерде жакшылык ѳнсүн десек, эң алгач ѳзүбүз таза болуп, берилген ишти ѳтѳ жоопкерчилик менен аткара билүүнү үйрѳнүшүбүз керек деп баса белгиледи.
Акылдуу адам кѳптү билиш үчүн окуйт, майда адам кѳпкѳ билиниш үчүн окуйт. Негизи эле, келечек жѳнүндѳ ойлонуп, билим алыш үчүн талыкпай аракет кылып жүргѳн жаштар үчүн, "Кыргызстандын жаш лидерлери" коомдук мектебинин 4-агымынын окуучуларына бүгүн 12-октябрь күнү "Адамдык капитал - коомдук ѳнүгүүнүн башкы ресурсу" туурасында лекцияны Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун башкы мүдүрү Амангелди Жумадилов ѳткѳрдү. Лекциянын жүрүшүндѳ Амангелди Жумадилов, бардык жерде жакшылык ѳнсүн десек, эң алгач ѳзүбүз таза болуп, берилген ишти ѳтѳ жоопкерчилик менен аткара билүүнү үйрѳнүшүбүз керек деп баса белгиледи. Ошон үчүн эртенкини бүгүн ойлоп, келечекти кѳздѳй жол тарткан аттын чылбырын бекем кармап, биз жаштар биримдикте бир муштум болуп түйүлүп, ал эми бизден улуу муун жаштарга билек болуп берсе, биз жаркын келечек үчүн күчтүү сокку жасай алабыз. Андыктан, азыртадан эле аң-сезимибизди ѳстүрүп, материалдык байлыка кѳз артпай, жан дүйнѳнүн байлыгын арттырып, ар тараптан ѳнүгүп тажрыйба алалы. Лекциянын соңунда Амангелди Жумадилов: "Коомдук мектептен алып жаткан билим, силерге келечектин пайдубалын түптѳдѳѳ кѳѳнѳргүс казына болуп, мамлекеттин жаңы жаркын жаш элитасын түзүүдѳ салым болсун. Алган билимиңер менен башкалар менен да бѳлүшүп, пайдасы тиер" - деп, жаш лидерлердин окууларына ийгилик каалап лекцияны жыйынтыктады.
Добавить комментарий