«Агартуу лигасы» долбоору Бишкек техникалык колледжинде
Бишкек техникалык колледжинин 1-курсунун студенттерине "Убакытты туура пайдалануу жана максатка жетүү" жана «Ишкердик этикет» атту тренингтерин ѳткѳзүп келишти
2015-жылдын 16,18-ноябрында «Агартуу лигасы» долбоорунун алкагында коомдук мектептин бүтүрүүчүлѳрү Адилет Асан уулу, Алтынай Акылбекова, Айдана Карывакунова Бишкек техникалык колледжинин 1-курсунун студенттерине "Убакытты туура пайдалануу жана максатка жетүү" жана «Ишкердик этикет» атту тренингтерин ѳткѳзүп келишти. Тренингтин катышуучулары кызыгуу менен угуп, акырында кѳптѳгѳн жаңы маалыматтарды алганын билдиришип, кийинки тренингтерге да калбай катышаарын айтышты. Ал эми ошол эле убакта Асел Азимбаева, Айгүл Кылычакунова жана Айдана Карывакунова №89 орто мектебинин 10-11-класстарына "Алга умтулуу" жана «Алдыга койгон максатка жетүү» аттуу тренингтерин ѳткѳрүп келишти. Тренингтер оюн менен коштолгондуктан, окуучулар кызыгуу менен угуп олтурганы жана кѳздѳрүнүн жанып турганынан, тренингтер абдан кызыктуу болгону байкалып турду. Соңунда ыраазылыгын билдиришип, дагы да тренинг ѳтүп берүүлѳрүн суранышты. Ал эми биздин жаш тренерлер күндѳн-күнгѳ тажрыйба алып, тренингтерин мындан да кызыктуу кылып ѳтүүгѳ даярданышууда.
Добавить комментарий