«Агартуу лигасы» долбоору Кыргыз-Түрк «Манас» Университетинде
«Агартуу лигасы» долбоорунун алкагында 1 жумалык тренингтерди ѳткѳрүлүүдѳ
2016-жылдын 19-февралынан баштап «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин бүтүрүүчүлѳрү, «Агартуу лигасы» долбоорунун алкагында Кыргыз-Түрк «Манас» Университетинин студенттерине 1 жумалык тренингтерди ѳтүшүүдѳ. Катышуучулар кызыктуу жана пайдалуу маалымат алып жатышканын, ар бир жаш тренерге ыраазычылыктарын билдиришип, кийинки тренингдерди чыдамсыздык менен күтүүлѳрүн айтышууда.
«Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинде профессионалдардан билим алып, алган билимдерин профессионалдуулук менен башкаларга жеткирип жаткан мектептин бүтүрүүчүлѳрү болгон Чолпон Уламбековага, Адилет Асановго, Анара Мырзасапаровага, Айгүл Кылычакуновага, Ламира Руслан кызына, Залкар Амановго, Гүлзари Турсуновага ыраазычылык билдиребиз. Коомдук мектептин айрым бүтүрүүчүлѳрүнүн жаш болгонуна карабай профессионалдуу тренер катары калыптанып калгандыгы бизди абдан кубандырат.
Добавить комментарий