«Агартуу лигасы» долбоору улантылууда
Алгач болуп, Бишкек шаарынын Учкун кичирайонундагы №89 орто мектебинин тарбия завучу менен макулдашып, мектептин алдынкы окуучуларына 14-ноябрь күнү «Алга умтулуу» аттуу тренингин жаш тренерибиз Адилет Асан уулу өтүп келди.
«Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин 3-агымынын жана 4-агымынын 1 айлык курсунун бүтүрүүчүлөрү биргеликте алган билимдерин бөлүшүү максатында, 2014-жылдан бери уланып келе жаткан «Агартуу лигасы» долбоорун Бишкек шаарынын ЖОЖдоруна жана орто мектептерине ишке ашырууга даярданып, башташууда.
Алгач болуп, Бишкек шаарынын Учкун кичирайонундагы №89 орто мектебинин тарбия завучу менен макулдашып, мектептин алдынкы окуучуларына 14-ноябрь күнү «Алга умтулуу» аттуу тренингин жаш тренерибиз Адилет Асан уулу өтүп келди. Аталган тренингтен окуучулар алдыга койгон максатка жетүүнү, ар дайым биринчи болуунун сырларын үйрөнүштү. Тренингтин соңунда алынган маалыматтар менен башка окуучулар менен да бөлүшкүлөрү келээрин айтышып, өздөрүнүн сунуштары , ой-пикирлери менен бөлүшүшүп, уюштуруучуларга терең ыраазычылыктарын билдирүү менен, ушундай тренингтерге кызыктар экенин билгизишип кийинки тренингти чыдамсыздык менен күтөөрүн айтышты.
Ал эми учурдан пайдаланып, Фонд бүтүрүүчүлөрүнө баштаган иштерине ийгилик каалайт!
Добавить комментарий