Агартуу Лигасынын арымы артууда
Агартуу Лигасынын дагы бир масштабдуу окутуу программасы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин 17 факультетинин 300 дѳн ашуун жаштарын камтыды.
Үч жылдан бери ишке ашырылып келе жаткан Агартуу Лигасынын дагы бир масштабдуу окутуу программасы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин 17 факультетинин 300 дѳн ашуун жаштарын камтыды. Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун мыкты жаш тренерлеринин бир жумалык заманбап тренингтери акысыз берилип, жаштарды ийгиликке шыктандырып, ѳз потенциалын эффективдүү пайдаланууга үндѳдү.
Тренингтерге катышып, билим алган жаштарга Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун негиздѳѳчүсү Аскар Салымбеков сертификаттарын тапшырып, чоң максаттарды коюп ага жетүүдѳн коркпой, жаштык потенциалды жаратман иштерде пайдалангыла деп чакырып ѳттү. Ошондой эле «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин бүтүрүүчүлѳрүнүн тренердик чеберчилигин жогору баалап, мындай маанилүү иш аракеттерин ѳзгѳчѳ баалап ѳттү.
Акырында Кыргыз Улуттук Университетинин проректору Назаркул Ишекеев жаштардын интеллектуалдык дараметин жогорулатууга багытталган иш аракеттери үчүн Аскар Салымбековго жана Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун жетекчиси Амангелди Жумадиловго ыраазычылык баракчасын тапшырды.
Белгилеп ѳтүүчү нерсе Агартуу Лигасы «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин бүтүрүүчүлѳрү тарабынан 2014-жылдан берип жүргүзүлүп келет.
Добавить комментарий