Алтын диплом
«Кыргыз тилектештиги» биримдигинин тандоосу менен, коомго кошкон салымы үчүн, «Прогрессивдүү Демилгелер Фонду» коомдук фонду «Алтын диплом» менен сыйланды.
20 декабрь күнү, «Jannat» мейманканасында «Кыргыз тилектештиги» биримдиги, кыргыз элине кызмат кылган инсандардын эмгегин баалап, аларга дем күч берүү максатында чон салтанат уюштурду.
Салтанаттын жүрүшүндө, эмгеги сиӊген белгилүү жана карапайым инсандардын ысымдары жаӊырды.
Ал эми, бул биримдиктин тандоосу менен, коомго кошкон салымы үчүн, «Прогрессивдүү Демилгелер Фонду» коомдук фонду «Алтын диплом» менен сыйланды. Сыйлыкты Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун негиздөөчүсү Аскар Салымбеков жана Фонддун директору Амангелди Жумадиловдор чыгып алышты.
Ѳз кезегинде, Аскар Салымбеков уюштуручуларга ыраазычылыгын билдирип, коомубузда жаратман иштер ар дайым улана берсин деген ойун айтып өттү.
Добавить комментарий