Аскар Салымбеков ɵлкɵбүздүн уникалдуу желегине колдоо кɵрсɵттү.
Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун негиздɵɵчүсү Аскар Салымбеков ɵлкɵбүздүн уникалдуу желегине колдоо кɵрсɵттү.
Бүгүн Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда 3-март желек күнүнɵ карата жаштар тарабынан оригиналдуу жол менен жазалып чыккан, Кыргыз Республикасынын желегин сатуу боюнча аукцион болуп ɵттү. «Эбелек» чыгармачыл студиясында жасалып чыккан уникалдуу желектин аянты 2,44 м. x 1.52 м. болуп, аны жасоого 48 км. жип, 13 137 мык жана жаштардын 210 саатык мээнети кеткен. Аукциондун максаты мамлекеттик символикаларга болгон сый-урматты арттыруу аркылуу мекенчилдикти кɵтɵрүү жана аукциондон түшкɵн каражат менен жетим балдарга колдоо кылуу болгон. Аталган аукционго Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун негиздɵɵчүсү Аскар Салымбеков катышып, мамлекеттик символикалардын, анын ичинде желегибиздин ордун баса белгиледи. 75 000 сомго бааланган желекти сатып алуу менен, жаштардын жаратман демилгесине түрткү берүүнү, кайрымдуулук ишке салымын кошууну жана башкысы майрамы белгиленип жаткан мамлекеттибиздин желегин сатып алуу менен, анын ар жаран үчүн баалуу экендигин айткым келип турат, деп белгилеп ɵттү. Ошондой эле, аталган уникалдуу желекти тарых жана маданият жылынын алкагында Жусуп Баласагын бабабыздын атын алып жүргɵн Улуттук университетке Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун атынан белек кыла тургандыгын дагы белгилеп ɵттү.
Прогрессивдүү Демилгелер Фонду жалпы Кыргызстандыктарды желек күнү менен куттуктайт жана мындай жаратман иштер менен алек болгон Фонддун бүтүрүүчүлɵрүнɵ терең ыраазычылык билдирет.
Добавить комментарий