Ат-Башы районунун Кара-Суу айылында акысыз тренингдерин ѳткѳрүлдү
«Агартуу лигасы» аттуу долбоордун алкагында «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин бүтүрүүчүлѳрү 1 жумалык акысыз тренингдерин ѳткѳрүп келишти
Прогрессивдүү Демилгелер Фонду 3 жылдан бери Кыргызстандын бардык аймактарындагы жаштарына акысыз тренингдерди уюштуруп келүүдѳ. 2016-жылдын 10-14-май аралыгында Ат-Башы районунун Кара-Суу айылында «Агартуу лигасы» аттуу долбоордун алкагында «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин бүтүрүүчүлѳрү 1 жумалык акысыз тренингдерин ѳткѳрүп келишти. Тренингдер 7 группадан турган 200дѳн ашуун 6-11-класстын окуучуларына төрт күндүн ичинде болуп, алар төмөндөгүдөй 5 багыт боюнча өткөрүлдү:
1. Финансылык пландоо жана өз каражаттарын туура пайдалануу.
2. Максат кою жана ага жетүү.
3. Убакытты туура колдонуу.
4. Алга умтулуу.
5. Чечендик өнөр.
6. Профориентация.
Мындай тренингдер жогоруда аталган айыл жергесинде буга чейин ѳтүлбѳгѳндүктѳн, катышуучулардын чоң кызыгуусун арттырып, ар бир тренингке активдүү катышып жатышты. 4 күндүн ичинде катышуучулар жаш тренерлерден мотивация, пайдалуу кеңеш, маалымат жана үлгү алышканын билдиришти.
Ал эми, 14-май күнү тренингдин катышуучуларына бир жумалык курстарга катышкандыгын күбөлөндүргөн сертификаттар жана Кара-Суу айылынын 200дѳй жаштарына коомдук мектептен алган билимин бѳлүшүп келген Тоня Жантаевага, Саламат Шакировго жана Ринат Шакиваевге ыраазычылык баракчалары тапшырылды.
«4 күндүн ичинде мен туура кесип тандоону, ѳз оюмду адамдарга толук жеткиликтүү айтууну жана эл алдына чыгып сүйлѳѳнүн эрежелерин, акчаны үнѳмдүү колдонууну үйрѳндүм. Мен, жаштарга ушундай мүмкүнчүлүк түзүп берип жаткан Фонддун негиздѳѳчүсү Аскар Салымбековго, Фонддун жалпы жамаатына жана жаш тренерлерге терең ыраазычылыгымды билдирем!!!» - Урматова Айсанат, 11-класс
Добавить комментарий