Аскар Салымбековдун демилгеси менен башталган коомдук мектеп 8-чи агымын кабыл алды.
Аталган иш чарада, ошондой эле ар кайсы мектептерден чогулган мектеп окуучулары дагы катышып, алар «Кыргыстандын ɵспүрүм лидерлери» коомдук мектебине кабыл алынышты.
9-октябрь күнү Фонддун негиздɵɵчүсү Аскар Салымбековдун катышуусунда «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин 8-чи агымы салтанаттуу маанайда үч айлык интенсивдүү курстарын баштады. Ондогон жогорку окуу жайлардан топтолгон 100 жаш лидер жаштар арасында брендге айланган аталаган коомдук мектепке кабыл алынды. Иш чарада чыгып сүйлɵгɵн Аскар Салымбеков жаштарга убакыт эң чоң ресурс, аны туура пайдалангыла, ар дайым изденүү жана аракетте болгула деген кеңештерин айтып ɵттү.
Аталган иш чарада, ошондой эле ар кайсы мектептерден чогулган мектеп окуучулары дагы катышып, алар «Кыргыстандын ɵспүрүм лидерлери» коомдук мектебине кабыл алынышты.
Аталган жаштар үч ай бою профессионалдуу тренер жана ийгиликтүү инсандардан инсандык ɵнүгүү, ийгиликке жетишүү, кесиптик багыт алуу, мүмкүнчүлүк жана ресурстарды туура пайдалануу сыяктуу мотивациялык жана психологиялык атайын тренинг жана мастер-класстарды алышмакчы.
Коомдук мектепке кабыл алынган жаштардын окууларына ийгилик каалайбыз.
Добавить комментарий