Коомдук мектептин 8-агымынын катышуучулары арасында дебаттык турнир болуп ѳттү.
Кечээ ѳткѳрүлгѳн турнирден лидерлердин кандай даярданганын жана 1 ай аралыгында коомдук мектептен алган билимдерин байкай алдык.
Кечээ, 3-ноябрь күнү Аскар Салымбековдун Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун окуу борборунда "Кыргызстандын жаш лидерлери" коомдук мектебинин учурда окуп жаткан катышуучулары арасында дебаттык турнир болуп ѳттү. Турнирге чейин дебаттын эрежелери тууралуу атайын тренинг аркылуу катышуучулар толук маалымат алышкан. Андан соң коомдук мектептин окуу программасындагы темалар алдын ала белгиленип, даярданууга убакыт берилген. Кечээ ѳткѳрүлгѳн турнирден лидерлердин кандай даярданганын жана 1 ай аралыгында коомдук мектептен алган билимдерин байкай алдык. Катышуучулардын арасында кѳбү биринчи жолу дебаттык турнирге катышып жаткан болсо да, кызыктуу оюн корсото алышты.
Мындай турнирлер коомдук мектептин программасында дагы да уюштурулуп турмакчы.
Добавить комментарий