Коомдук мектептин катышуучулары Амангелди Жумадилов менен жолугушту
Салтка айланган бул жолугушууда Амангелди Жумадилов фонддун максаттары, иш чаралары жана ɵзгɵчɵ жаңы муунду тарбиялоого багытталган Фонддун алдындагы коомдук мектептин миссия жана багыттарын айтып берди.
Кечээ, 13-октябрь күнү Аскар Салымбековдун Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун окуу борборунда «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин 8-агымынын катышуучулары Фонддун жетекчиси Амангелди Жумадилов менен жолугушту. Салтка айланган бул жолугушууда Амангелди Жумадилов фонддун максаттары, иш чаралары жана ɵзгɵчɵ жаңы муунду тарбиялоого багытталган Фонддун алдындагы коомдук мектептин миссия жана багыттарын айтып берди. 2014-жылдан бери миңге чукул жаш келечектүү жаштарга заманбап кошумча билим берген коомдук мектеп жаш ишкерлердин, ар кайсы тармакта ийгиликтүү иш алып барып жаткан жаш кадрлардын пайда болушуна себепкер болгонун белгилеп, билим жана талыбас мээнет гана ар бир жаранды жана ɵлкɵнү ɵзгɵртɵ алат деп белгилеп ɵттү. Ошондой жолугушууда жаш лидерлерге үч ай аралыгында жаңы ийгиликтерди багындырууга конкерттүү максттарды коюп, ɵз күч дараметин сынап кɵрүүгɵ чакырды.
Добавить комментарий