Коомдук мектептин катышуучулары ОсОО «KazGrain» заводунда
«Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин V агымынын катышуучулары Токмок шаарындагы «Аю» компаниясынын ун жана кесме чыгарган ОсОО «KazGrain» заводуна экскурсия кылып келишти.
28-апрелде «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин V агымынын катышуучулары Токмок шаарындагы «Аю» компаниясынын ун жана кесме чыгарган ОсОО «KazGrain» заводуна экскурсия кылып келишти. Алгач заводдун качан курулганын жана андан бери кандай ийгиликке жетишкени тууралуу маалымат алышып, андан соң ундун, кесменин кантип пайда болушун ѳз кѳздѳрү менен кѳрүшүп, кызыккан суроолоруна жоопторун алышты.
Учурдан пайдаланып, «Аю» компаниясынын уюштуруу кызматынын жетекчиси Аида Амангелдиевнага жана Токмок шаарындагы ун жана кесме чыгаруучу заводунун аткаруучу директору Султан Мелисовичке жаш лидерлерге практика жүзүндѳ кѳрүүгѳ мүмкүнчүлүк түзүп бергени үчүн терең ыраазычылык билдиребиз.
Добавить комментарий