Коомудк мектепке алгачкы 20 лидер кабыл алынды
«Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебине кирүүнү каалган жаштардын арасында болуп ѳткѳн сынактан 20 лидер ийгиликтүү ѳтүп, коомдук мектепке кабыл алынды.
Учурда «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин 5-агымына кабыл алуу кызуу жүрүп жаткан кез. Алгачкы 20 лидер аныкталды. Эки жылдан бери кѳптѳгѳн жаштарга уникалдуу мүмкүнчүлүк берип, заманбап багыттарда 3 ай тынымсыз, акысыз тренинг, мастер-класстарды берген «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебине кирүүнү каалган жаштардын арасында болуп ѳткѳн сынактан 20 лидер ийгиликтүү ѳтүп, коомдук мектепке кабыл алынды. Аталган 20 жаш улан кыздар эми үч 3 ай аралыгында 12 ден ашык тренингдерди, 10 дон ашык мастер-класстарды жана атайын лекцияларды алышып, мамлекетибиздин алдынкы ишканаларында атайын экскурсияларды ѳтүүгѳ мүмкүнчүлүк алышат.
Эскертүү: Март-май айларына белгиленген лидерлердин коомдук мектебине 100 жаш улан кыз окууга мүмкүнчүлүк ала алмакчы. Учурда калган 80 орунга ээ болуу үчүн сынактар жүрүп жатат.
Добавить комментарий