«Кыргызстандын келечек жаштары» долбоорунун окуучуларына сертификаттар тапшырылды
Долбоордун катышуучулары, 2 жума аралыгында «Чечендик өнөр», «Долбоор жазуу», «Лидерлик сапатын өнүктүрүү», «Стереотиптерден арылуу», «Финансылык сапаттуулук», «Убакытты туура пайдалануу» тууралуу терен билим ала алышты.
Билимге умтулган билеги күчтүүлөр! Билеги күчтүү бирди жыкса, билими күчтүү минди жыгарын турмуш өзу көрсөтүүдө. Билими терен адам кайсы жерде болбосун, жол таап, өз келечегин куруп гана жетишпестен, башкалардын карангы жолуна шам болуп берет эмеспи. Адамды жалаң гана аткарган ишинен эмес, умтулуусунан да баалаш керек дегендей, билимге умтулган жаштарыбыз окуу жайдан тышкары да кошумча билим алып келишет.
Айта кетсек коомдук ишмер, меценат Аскар Салымбековдун демилгеси менен эки жарым жылдан бери Прогрессивдуу Демилгелер Фондунун алкагындагы уюштурулуп келе жаткан билим багытындагы долбоорлорго катышып келе жаткан студенттерди алсак болот. Фонд студенттер менен гана чектелбестен, мектеп окуучулары учун «Кыргызстандын келечек жаштары» долбоорун түптөдү. Алар, 2 жума аралыгында «Чечендик өнөр», «Долбоор жазуу», «Лидерлик сапатын өнүктүрүү», «Стереотиптерден арылуу», «Финансылык сапаттуулук», «Убакытты туура пайдалануу» тууралуу терен билим ала алышты. Долбоордун бүтүрүүчүлөрү: «Жашоого керектуу болгон, актуалдуу темадагы тренингтерди өтүп, биздин көз – карашыбызды өзгөртүп, өсүп – өнүгүүгө жаны жол ачып бергендериниз үчүн фонддун башкы мүдүрү Амангелди Жумадиловко жана тренерлерге терен ыраазычылык билдиребиз» - деп кубанычтарын жашыра алышпады. Жыйынтыктоо сөзү менен Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун башкы мүдүрү Амангелди Жумадилов: «Билимдуу жаш адам гана таалим тарбиялуу өз алдына келечек максатын кое билет жана турмуштагы өз чыйырын туура жолго салып, өз ордун таба алат. «Максатсыз адам – канатсыз куш» демекчи, бул жашоодо адамды улуу максат жетелеп, илгери умут, таза ниет менен иштеп, бийиктиктериди багынта алат. Жаш достор, силер акыл – эстуу болуп, эрезеге жетип, «ийне менен кудук казгандай» терен билим алып, ар- турдуу өнөр кесиптин эсси болууга умтулгула» деген каалоо менен сертификат тапшыруу аземин жыйынтыктады.
Алган билиминер эсинерде туюлуп, журөгунөрдун толтоосунан орун алып, алдыга сурөп турсун!
Добавить комментарий