«Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин V агымы аяктады
Борборубуздун дагы 100 студенти–лидери «Прогрессивдүү Демилгелер Фонду» коомдук фондунун татыктуу муунду тарбиялоого жана түзүүгоө багытталган «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин V агымын аякташты.
2016-жылдын 2-июнунда И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин V агымынын бүтүрүүчүлөрүнө жана «Агартуу лигасы» долбоорунун катышуучуларына салтанаттуу түрдѳ сертификаттарды тапшыруу аземи болуп өттү.
Салтанатты фонддун негиздѳѳчүсү Аскар Салымбеков ачып берип, замандын талабына ылайык жаңы билимге кызыгып, алга умтулуп жаткан жаштар кѳп экени жана мунун аркасында келечекте мыкты адистер чыгаарын белгилѳѳ менен бүтүтрүүчүлѳрдү куттуктап ѳттү. Андан соң коомдук мектептин бүтүрүүчүлѳрү даярдаган видеоролик, презентациялары менен бирге ѳз ѳнѳрлѳрүн кѳрсѳтүшүп фонддун негиздѳѳчүсүнѳ жана жалпы жамаатына ыраазычылыктарын билдиришти. Иш-чаранын соңунда Аскар Салымбеков долбоорду ишке ашырууда кѳмѳк кѳрсѳткѳн жогорку окуу жайлардын ректорлоруна, коомдук мектептин устаттарына ыраазычылык баракчаларын, коомдук мектептин бүтүрүүчүлѳрүнѳ жана «Агартуу лигасы» долбоорунун катышуучуларына сертфикаттарды тапшырды.
Бүтүрүү кечесинин расмий эмес бѳлүгү жаратылыштын эң бир кооз жеринен орун алган «12 каминов» тавернасында болуп ѳттү. Учурдан пайдаланып «12 каминов» тавернасынын жетекчилерине терең ыраазычылык билдиребиз.
Жаш лидерлер арышыңар кең болуп, багытыңар түз болсун!
Добавить комментарий