Кыргызстандын жаш лидерлери мамлекеттик тил үчүн кызмат кылышты.
Кыргыз Улуттук Филармониясында Республикалык «Кыргыз Тили» коомунун уюшулгандыгынын 25 жылдыгы салтанаттуу түрдɵ майрамдалды.
Кыргыз Улуттук Филармониясында Республикалык «Кыргыз Тили» коомунун уюшулгандыгынын 25 жылдыгы салтанаттуу түрдɵ майрамдалды. Коомдук ишмер, Республикалык «Кыргыз Тили» коомунун президенти Раимжан Курбановдун жетекчилигинде ɵткɵн бул иш чараны уюштурууда Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин алтынчы агымынын окуучулары зор салымын кошушту. Жаш лидерлер мекен жана мамлекеттик тилибизге болгон сүйүү жана урматын мээнети менен далилдешти. Салтанаттын ачылыш сɵзүн сүйлɵгɵн Раимжан Курбанов мына ушундай жаштарды тарбиялап жаткан Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун негиздɵɵчүсү, коомдук ишмер, меценат Аскар Салымбековго терең ыраазычылыгын билдирип ɵттү. Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун мамлекеттик тилди кɵтɵрүүгɵ багытталган иш чараларды уюштурууда кылып жаткан колдоолорун дагы ɵзгɵчɵ белгиледи
Добавить комментарий