Адабий музыкалык кече
2015-жылдын 9-декабрында Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда Прогрессивдүү Демилгелер Фонду, "Кыргыз тили" коому жана «Кыргызстандын жаш Лидерлери» коомдук мектебинин демилгеси менен уюштурулган, алгачкы жолу ɵлкɵбүздɵ мекен, тил, маданият жана жаштыкка арналган "Адабий музыкалык кече" болуп өттү.
Кеченин жүрүшүндө "Кыргыз тили" коомунун Президенти, коомдук ишмер Раимжан Курбанов көрүүчүлөрдүн мекенчил сезимин ойготуп, тилибизди барктоого үндөгөн чыгырмаларын таруулап, алардын арасынан өзгөчө энелерге арналган чыгармасы залда отурган көрүүчүлөрдүн жүрөгүнөн өзгөчө орун алды.
Кеченин расмий ачылышында чыгып сүйлɵгɵн Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун негиздɵɵчүсү Аскар Мааткабылович Салымбеков кыргыз тилинин, маданиятынын ролун баса белгилеп, кыргыз жаштарын кɵп тил билгиле, бирок эне тилиңерди эч качан унутпай, так сүйлɵп ɵнүктүргүлɵ деген ойун айтып ɵттү.
Кечеге ошондой эле Кыргыз Республикасынын эстрада жылдыздары Мирбек Атабеков жана Омар келип, колдоо кɵрсɵтүп, өздөрүнүн ырларын тартуулашты.
Аталаган кечеге Эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, Ички иштер министрилигинин академиясынын курсанттары, Улуттук гвардиясынын жоокерлери, эксперттер, ЖОЖдордун жана мектептердин мугалимдери, студенттер, окуучулар ж.б. катышып, Спорт Ордосунун 2000 ден ашык орундуктарын толукташты.
Учурдан пайдаланып концерттин демилгечиси Раимжан Курбанов агайга, колдоо коргозгон Спорт Ордосунун директору Эдиль Касеновго, Кыргыз Республикасынын эстрада жылдыздары Мирбек Атабековго, Омарга, колдоо кɵрсɵткɵн ЖОЖдорго жана уюштуруу тобу «Кыргызстандын жаш Лидерлери» коомдук мектебинин окуучуларына тереӊ ыраазычылык билдиребиз.
Добавить комментарий