Манас университетинде «Агартуу лигасы» ийгиликтүү аяктады
Манас университетинде «Агартуу лигасы» ийгиликтүү аяктады
Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин бүтүрүүчүлѳрү тарабынан демилгеленип, атайын Кыргыз-Турк Манас Университетинин студенттери үчүн уюштурулган бир жумалык «Агартуу лигасы» 2016-жылдын 24-февралында ийгиликтүү аяктады. Бир жума аралыгында Фонддун коомдук мектебинин бүтүрүүчүлѳрү тарабынан «Тайм-менеджмент», «Каржы сабаттуулугу», «Лидерлик», «Эффективдүү коммуникация», «Максат коюп ага жетүү» сыяктуу тренингтер берилди. «Агартуу лигасы» долбоорунун сертификаттары аталган университтетин ийгиликтүү аяктаган катышуучуларына тапшырылды. Сертификатты Фонддун башкы директору Амангелди Жумадилов тапшырып, катышуучуларга окууларына ийгилик каалап, алган билимдери келечекте чоң пайда алып келээри талашсыз экенин билдирди. Соңунда коомдук мектептин бүтүрүүчүлѳрүнѳ алган билимдерин бѳлүшүп жаткандары жаштардын бир ынтымакка алып келээрин белгилеп, ыраазычылык билдирип, кийинки тренингдерине ийгилик каалады
Аталган пайдалуу иш чараны уюштуруп, башкалардын ѳнүгүүсуно салым кошкон коомдук мектептин бүтүрүүчүлѳрүнѳ терең ыраазычылык билдиребиз.
Добавить комментарий