Мотивация жумалыгынын жыйынтыктары чыгарылууда
14-октябрда мотивация жумалыгы алкагында билим алган Кыргыз Улуттук, Кыргыз-Түрк Манас, Кыргыз-Орус Славян, Кыргызстан эл аралык ж.б. универститеттеринин жана Мамлекеттик башкаруу, Юридикалык академияларынын студенттерине атайын сертификаттар тапшырылды
«Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин бүтүрүүчүлѳрүнүн демилгеси менен Бишкек шаарындагы ЖОЖдордо мотивация жумалыгы жүрүүдɵ. Жаш тренерлер каржы сабаттуулугу, тайм менеджмент, максат коюп ага жетүү, бизнес план түзүү жана маркетинг сыяктуу заманбап багыттарда коомдук мектептен алган билимдерин башка жаштар менен бɵлүшүп, жаштардын колдоосун табышууда.
14-октябрда мотивация жумалыгы алкагында билим алган Кыргыз Улуттук, Кыргыз-Түрк Манас, Кыргыз-Орус Славян, Кыргызстан эл аралык ж.б. универститеттеринин жана Мамлекеттик башкаруу, Юридикалык академияларынын студенттерине атайын сертификаттар тапшырылды. Сертификатты Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун негиздɵɵчүсү, коомдук ишмер Аскар Салымбеков тапшырды. Өз сɵзүндɵ Аскар Салымбеков «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин бүтүрүүчүлѳрүнүн бул аракетин жогору баалап, студент болуп туруп, башкаларга заманбап багыттарда тренинг берүүгɵ жɵндɵмдүү болуп калганы чоң жетишкендик экенин белгиледи. Жана ошондой эле билим алууга аракет кылып, тренингтердин катышуучусу болгон жаштарга ийгилик каалады. Сертификат алган жаштарга заманга ылайык билим издеп, алдыга умтулуу зарыл экендигин баса белгилеп, жакында старт алуучу «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин 3 айлык курсу аркылуу берилип жаткан мүмкүнчүлүктɵн пайдаланып калууну айтты. Акырында студенттер Аскар Салымбековго ар кыл багытта суроолорун беришип, жоопторун алышты.
Добавить комментарий