«Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебине лидерлерди кабыл алуу тандоосу башталды
Билдирмени кабыл алуунун акыркы күнү - 15-февраль 2016-жыл
Фонд социалдык мааниге ээ «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектеби долбоорун улантып жатат. Мектептин максаты – үзгүлтүксүз билимдүү, жоопкерчиликтүү, өз алдынча өнүгө ала турган жаштарды жана болочок лидерлерди тарбиялоо менен атайын команда түзүү, мамлекеттин жаңы жаркын келечегине салым кошуу.
Коомдук мектептин программасы
Конкурстун негизизинде тандалган 100 балага 2016-жылдын март айынан тартып, июнь айына чейин 3ай аралыгында интенсивдүү окуу курсу берилет. Тактап айтканда, 12 мотивациялык, жалпы жана группалык тренингдер, алдыңкы адис жана профессионалдуу тренерлерден 8 профессионалдык семинарлар, мастер класстар, 8 бизнес компанияларга, мамлекттик эмес уюмдарга, мамлекеттик органдарга экскурсия уюштуруу, ийгиликке жетишкен инсандар менен кеминде 10 жолугушуу мүмкүнчүлүгүн берүү программанын негизин түзөт.
Коомдук мектепке катталуунун шарттары:
· Коомдук мектепке конкурстук негизде кабыл алынат:
· I этап: Келип түшкѳн билдирмелердин негизинде тандоо. Таржымалды/атайын билдирме формасын толтуруп электрондук формада www.fpi.kg сайтына (Долбоорлор → Кыргызстан жаш Элитасы → Коомдук мектеп бѳлүмүнѳ киргизүү) же fpi.kg@mail.ru электрондук почтасы аркылуу жѳнѳтүү керек. Билдирмени кабыл алуунун акыркы күнү - 15-февраль 2016-жыл.
· II этап: тандалган талапкерлер менен жолугушуу.
· Коомдук мектепке Кыргыз Республикасынын 18-25 жашка чейинки жаштары катыша алат.
· Окуу курсунун акысы 70% дык арзандатуу менен 3000 сом.
Талаптар:
Окуусу ийгиликтүү, ар түрдүү программа, конкурс, проекттер жана коомдук акцияларга катышуусу, жеке жарандык позициясы, уюштуруучулук жана аналитикалык ой-жүгүртүүсү, инсандык сапаттарынын, максаттуу болушу сөзсүз эске алынат.
Мектептин бүтүрүүчүлөрү:
Мектептин бүтүрүүчүсү иш-чара жана сабактарга активдүү катышкан, жакшы сунуш жана бааларга ээ болгон гана балдар болмокчу.
Аларга окуу курсунун аягында сертификаттар жана окуунун акырында жумуш менен камсыздоочулар тууралуу маалымат алып, жумуш рыногунун толук абалын көрүп, жаңы байланыштарга ээ болуп, иш-чараларды өткөрүү боюнча, жеке долбоорун жазуу боюнча, аларды ишке ашыруу боюнча кошумча билим алып, коллективдүү чечим кабыл алууга да билимге ээ болуп, конкуренттүү кадрлар болуп чыга келишет.
Толук маалымат жана катышууга билдирүү толтуруу Фонддун сайтында www.fpi.kg, ошондой эле байланыш телефону: 0312 690546, 0703 061210, 0772 051205.
Добавить комментарий