Ондогон окуу жай, жүздɵгɵн катышуучулар
Кыргыз эл аралык университетинин окуу-илимий ѳндүрүш комплекси жана Аскар Салымбековдун Фонду ортосунда кызматташтык келишимине дагы кол коюлду.
2014-жылдан бери уланып, барган сайын масштабы артып бара жаткан ири билим берүү долбоору «Агартуу Лигасы», бүгүн, дагы атайын курстарды ийгиликтүү аяктаган бир канча студент, мектеп окуучулары жана жарандарбызга сертификаттарын тапшырды. Долбоордун алкагында атайын акысыз курстардан 3 жума аралыгында Кыргыз Мамлекеттик Агарардык Университети, Кыргыз Мамлекеттик Улуттук Университети, Кыргыз-Түрк Манас Университети, Кыргыз Мамлекеттик Юрдикалык Академиясы, Бишкек Гуманитардык Университети, Чыгыш Университети сыяктуу ондогон ЖОЖдордо жана Анадолу Кыргыз-Түрк лицейи сыяктуу бир канча орто мектептер жана лицейлердин окуучулары ɵтүшкɵн.
Сертификаттарды тапшыруу иш чаралары Ишенаалы Арабаева атындагы Кыргыз Мамлекеттик Педагогикалык Университетинин алдындагы колледжинде, Кыргыз эл аралык университетинин окуу-илимий ѳндүрүш комплексинде жана Фонддун Бизнес мектебинде болуп ѳттү.
Аталган иш-чараларга фонддун негиздѳѳчүсү Аскар Салымбеков, фонддун башкы мүдүрү Амангелди Жумадилов жана окуу жайлардын башчылары катышышты. Долбоордун катышуучуларына Аскар Салымбеков сертификат тапшыруу менен, аларга ийгилик каалап: кɵп тил билүүгɵ, талыкпай мээнет кылып, ар дайым билимге умтулууга аракет кылууга чакырып кетти.
Иш чаранын алкагында Кыргыз эл аралык университетинин окуу-илимий ѳндүрүш комплекси жана Аскар Салымбековдун Фонду ортосунда кызматташтык келишимине дагы кол коюлду.
Аталган окуу жайлардын жетекчилери жана долбоордун катышуучулары Аскар Салымбековго кошумча билим алууга түзүп берип жаткан мүмкүнчүлүктɵрү үчүн ыраазычылык билдиришип, Фондубузга ийгиликтерди каалашты.
Ал эми Фонд ɵз кезегинде «Кыргызстандын жаш лидерлери» жана «Кыргызстандын ɵспүрүм лидерлери» коомдук мектептерибиздин алдыңкы бүтүрүүчүлɵрүнɵ алган билимин башкаларга бɵлүшүп, коомго кылып жаткан жаратман иштери үчүн ыраазычылык билдирет.
Добавить комментарий