Алтынчы агымга кабыл алынган жаш лидерлерди куттуктайбыз!
Алтынчы агымга кабыл алынып, Бишкек шаарынын ар кайсы ЖОЖдорунан келген студенттерге ийгиликтер кааланып, атайын китепчелер тапшырылды
Аскар Салымбековдун демилгеси менен ишке ашып келген Прогрессивдүү Демилгелер Фондусунун «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектеби алтынчы ирээт жаштар үчүн ɵз эшигин ачты. Аталган мектеп үч жылдан бери 700 дɵй жаш лидерлерди тарбиялап чыгып, кɵптɵгɵн жаштардын ɵздүк потенциалын кɵтɵрүп, убакыт жана мүмкүнчүлүктɵрүн туура пайдаланууга үйрɵтүп, аларды жаратман бийик максаттарга багыттап келет. Бизнес-пландоо, маркетинг, ɵздүк мотивация, тайм-менеджмент, оратордук чеберчилик, каржы сабаттуулугу, ишкердик этикет сыяктуу заманбап тренинг, мастер-класстар, атайын лекцияларга муктаж болгон жаштар бул мектеп аркылуу атайын билим алууга мүмкүнчүлүк алышууда. Мектептин алтынчы агымынын окуу процессин расмий баштоо иш чарасы 21-октябрь күнү И.Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университетинин чоң залында Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун негиздɵɵчүсү Аскар Салымбеков, Фонддун башкы мүдүрү Амангелди Жумадилов жана Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университетинин проректору Шаира Адамовнанын катышуусунда болуп ɵттү. Алтынчы агымга кабыл алынып, Бишкек шаарынын ар кайсы ЖОЖдорунан келген студенттерге ийгиликтер кааланып, атайын китепчелер тапшырылды. Иш чаранын алкагында ошондой эле «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин бүтүрүүчүлɵрү тарабынан уюштурулуп келген Агартуу Лигасынын атайын тренингтерине катышкан жаштарга да сертификаттар тапшырылды. Акырында Агартуу Лигасынын алкагында тренинг ɵтүп, жаштардын интеллектуалдык ɵнүгүүсүнɵ салым кошуп келген коомдук мектептин алдынкы бүтүрүүчүлɵрүнɵ ыраазычылык баракчалары Аскар Салымбеков тарабынан тапшырылды.
Добавить комментарий