Прошла вторая неделя учёбы 8-го потока МЛК.
Сабактын жүрүшүндө өзүбүздүн жаман да, жакшы да адаттарыбызды, деги эле эмнени жактыраарыбызды да билип алдык.
Бул жума ар бирибиз үчүн жемиштүү болду. Дегеним, аптанын алгачкы күнү эле өз ишин жакшы билген бизнес-тренер, психолог, коуч- Калчаева Татьяна Мисиркановна " Психология успеха" темасынын алкагында биз үчүн эң пайдалуу делген маалыматтарды бөлүшүп өттү. Сабактын жүрүшүндө өзүбүздүн жаман да, жакшы да адаттарыбызды, деги эле эмнени жактыраарыбызды да билип алдык.
Ал эми, Алымкулов Бейшенбек агай максатка жетүүнүн бир катар жолдорун айтып өтсө, Батма Муктаровна лидер адам кандай жана кайсы сапаттарга ээ болушу керек экендигин айтуу менен биргеликте медитация жасатып, аз да болсо жан- дүйнөбүзгө жаркын келечек тартуулады.
Негизи адам баласы теориядан караганда практика жүзүндө бир нерсени кылсак тез түшүнөт окшобойбузбу. Шабанбекова Асель, Рахат эже ошол эле кээ бирлер канча сөз менен жеткире албаган нерсени оюн ойноо, сүрөт тартуу менен эле жеткире алды десек болот.
Биз биринчиден ушунча мүмкүнчүлүк түзүп берип жаткан "Кыргызстан жаш лидерлери" коомдук мектебине жана ар бир сабакты өтүп, бизди өсүүгө үндөп жаткан мугалимдерге терең ыраазычылык!!!
Айназик Санжыраева,
"Кыргызстандын жаш лидерлери" коомдук мектебинин студенти.
Добавить комментарий