Российская школа политики
2015-жылдын 17-апрелинен 9-майына чейин Москва шаарында болуп ѳткѳн «Россиянын саясат мектеби» проектине «Эмгек» саясий партиясынын лидеринин колдоосу менен, «Прогрессивдүү Демилгелер Фонду» коомдук фондунун, "Кыргызстандын жаш лидерлери" коомдук мектебинин бүтүрүүчүсү Уран Жаныбеков катышып келди.

Бул алдыңкы саясатчылардын жана мамлекеттин коомдук ишмерлеринин Россия Федерациясынын региондорунун жана чет ѳлкѳлүк жаштарды бириктирүү максатында түзүлгѳн жаңы коммуникациялык аянт болуп саналат.
Ал жактагы семинар, дискуссиялар алдыңкы саясатчылар, патриоттук эксперттер жана кѳрүнүктүү ишкерлердин катышуусу менен ѳтүп, коомдук фондд тарабынан уюштурулган мастер-класстар кѳрсѳтүлдү.
Ɵзүнчѳ семинарлар РФнын Федерация Советинин административдик имаратынын аймагында болду. Ал жактан, Владимир Вольфович Жириновский, Геннадий Андреевич Зюганов, Бордюжа Николай Николаевич, Косачев Константин Иосифович, Климов Андрей Аркадьевич, Рязанский Валерий Владимирович жана башка кѳрүнүктүү ѳкүлдѳр катышуучуларды тосуп алышкан.
Уран Жаныбеков: Жогоруда аталган форумга катышууга мүмкүнчүлүк түзүп берип, финансылык жактан колдоо кѳрсѳткѳндүгү үчүн А.М. Салымбековду жана «Прогрессивдүү Демилгелер Фонду» коомдук фондунун директору Амангелди Жумадиловго ыраазычылыгымды билдирем.
Добавить комментарий