«Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин 4-агымы аяктады
Сертификатты бүтүрүүчүлѳргѳ фонддун негиздѳѳчүсү Аскар Салымбеков тапшырды
Дүйнѳ – толкуган океан, анда компас менен сүзгѳн суучул бактылуу, компас болсо – билим. Билим жолуна жарык чачып, дүйнѳ таанымын тереңдетүү максатында Прогрессивдүү Демилгелер Фонду 2 жылдан бери «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектеби аркылуу 3-айлык окуу курсунда ѳз келечегине эртелей жол ачууга умтулган жаштарга жол кѳргѳзүп, мотивация берүү менен бирге лидерлердин башын бириктирип кѳп иш чараларды ишке ашырып келе жатат. Учурда коомдук мектепке жаштар арасында кызыгуу баштагыдан да 2 эсе кѳбѳйүп, жаштардын алга умтулуусу бизди кубандырууда.
2015-жылдын 9-декабрь күнү Кожомкул атындагы спорт ордосунда «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин 4-агымынын 3-айлык окуу курсунун бүтүрүүчүлѳрүнѳ сертификаттарды тапшыруу аземи болуп ѳттү. Сертификатты фонддун негиздѳѳчүсү Аскар Салымбеков тапшырып: «Билимдин тамыры ачуу, мѳмѳсү таттуу. Чынында билим алуу «ийне менен кудук казгандай» оор, бирок баарына ѳжѳрлѳнѳ чыдап, тырышып окуса билим жаркын келечекке шам чырагын жанып берет. Билимге умтулган жаштарды Прогрессивдүү Демилгелер Фонду, алардын билим казынасына уютку болуп, руханий азыгын арттырып, акылын, билимин тереңдетүүсүнѳ себепчи болуп келе жаткандыгы кубандырчу иш. Билимдүү адамдар канчалык кѳбѳйсѳ, мамлекет да ошончо тез ирденет. Мен ишенем «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин бүтүрүүчүлѳрү, мамлекетибиздин жаштары телегейи тегиз келечекти курушат»-деп бүтүрүүчүлѳргѳ ийгилик каалады.
Ошол эле күнү бүтүрүү кечеси кыргыздын улуттук ѳзгѳчѳлүгүн камтып, ѳзгѳчѳ жасалгаланып, жаратылыштын эң бир кооз жеринен орун алган «12 каминов» тавернасында болуп ѳттү. Учурдан пайдаланып «12 каминов» тавернасынын жетекчилерине терең ыраазычылык билдиребиз.
Добавить комментарий