Наверх
  • 0 (312) 620921

Жаңылыктар

Таш-Кѳмүр шаарынын жаштарына акысыз тренингтер берилди

9-апрель күнү жогоруда аталган тренингдерди ийигиликтүү аяктаган катышуучуларга салтанаттуу түрдѳ сертификаттар тапшырылды

Прогрессивдүү Демилгелер Фонду 3 жылдан бери жүргүзүп келген аймактардагы жаштарга акысыз тренинг берүү кербенин Жалал-Абад областында улантты. «Агартуу Лигасы» делген бул долбоордун иш чарасы 4-9 апрель аралыгын камтып, аны «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин бүтүрүүчүлѳрү ийгиликтүү ишке ашырды. Долбоордун алкагында Таш-Кѳмүр шаарынын мектеп окуучуларына «Оратордук чеберчилик», «Финансылык сабаттуулук», «Убакытты туура пайдалануу», «Тимбилдинг» жана «Профориентация» багыттары боюнча 1 жумалык атайын акысыз тренингдер берилди. Тренингке №12, №4, №14-мектептин 8-9-10-11-классынын окуучулары жана мектеп мугалимдери да катышып, жалпысынан 200дѳй катышуучу болду. Катышуучулар буга чейин мындай мотивациялык тренингдер ѳтүлбѳгѳнүн айтышып, ар бир тренингке кызыгуу менен катышып, жаш тренерлерден кɵптɵгɵн керектүү маалымат ала алгандыктарын кубануу менен билдиришти.

Ал эми 9-апрель күнү жогоруда аталган тренингдерди ийигиликтүү аяктаган катышуучуларга салтанаттуу түрдѳ сертификаттар тапшырылды. Салтанатты уюштурууга кɵмɵк кɵргɵзгɵн Нуржан Керимбековна ачып, Прогрессивдүү Демилгелер Фондуна жана жаш тренерлерге ыраазычылыгын билдирип ɵттү. Андан соң сѳз  фонддун башкы мүдүрү Амангелди Жумадиловго берилди. Амангелди Жумадилов ѳз сѳзүндѳ атаандаштык күчɵгɵн 21-кылымда мындай долбоорлор жаштар үчүн ѳтѳ маанилүү экенин жана 3 жылдан бери 8000 ден ашуун жаштар бул долбоор аркылуу акысыз тренингтерге ээ болгонун айтып, катышуучуларга ийгилик каалап ɵттү.

Соңунда ар бир катышуучуларга сертификаттар, ал эми долбоорго колдоо кѳрсѳткѳн мектеп директорлоруна жана жаш тренерлерге ыраазычылык баракчасын тапшырылды.

Фонд Таш-Кѳмүр шаарынын жаштарына коомдук мектептен алган билимдерин бѳлүшүп келген бүтүрүүчүлѳргѳ: Тоня Жантаевага (демилгечи жана жаш тренер), Айгүл Кылычакуновага (жаш тренер), Салкынай Омурзаковага (жаш тренер) ыраазычылык билдирип, окууларына ийгилик каалайт.

Фото галерея
Система Orphus
Добавить комментарий

Ваша эл. почта не будет опубликован. Обьязательные поля *

Комментарий не существует

Жарыялар

Внимание! ОТКРЫТ НАБОР НА 7 ПОТОК ОБЩЕСТВЕННОЙ ШКОЛЫ «ЮНЫЕ ЛИДЕРЫ КЫРГЫЗСТАНА».

Внимание! Объявляем набор на СУПЕР ПРОЕКТ Общественная школа «МЛК».

ВНИМАНИЕ!!!

Общественная школа "Молодые лидеры Кыргызстана" и ЮЛК

Кулактандыруу! Убакыт келди!

Внимание! Общественная школа «ЮНЫЕ ЛИДЕРЫ КЫРГЫЗСТАНА» IV поток

III Всемирный конкурс кыргызстанцев Акыл Тирек 2015

Внимание! Внимание! Внимание!

Көнүл бурунуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебине билдирүүлѳрдү кабыл алуу башталды.

Көнүл бурунуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебине билдирүүлөрдү кабыл алуу мөөнөтү узартылды.

25/06/2014 ж. саат 18:15 "Кыялымдагы Кыргызстан" долбоорунун 3-оюнун КТРКдан көрө аласыздар.

Кыялымдагы Кыргызстан 18.06.2014ж саат 18.20

Каржы сабаттуулугу боюнча коомдук лекция белгисиз бир убакытка жылдырылууда

"Коучинг. Уюштуруучулук консультациясы"

Обсуждение предстоящих мероприятий

Кѳңүл буруңуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин экинчи тандоосу башталды

Кыргызстандыктардын Экинчи Бʏткʏл дүйнөлүк «Акыл Тирек» жарышы

И12-апрель ишембилиги жылдырылды

Внимание! Внимание!!! Срочно!!! Срочно!!!

Конул бурунуз! "Кыялымдагы Кыргызстан" сынагына билдируулорду кабыл алуу узартылды

Жарыялар топтому

Патриотизм

маңкуртчулук жана кыргыз элинин территориялык маселелерине, улуттук тилге, тарых, маданият жана каада-салтттарына кайдыгерлик мамилени четке кагуу

Жаратмандык ишмердүүлүк

регионализм, радикализм, диний фанатизм жана улутчулдук кыймылдарын четке кагуу

Конструктивдүүлүк

максатсыз карама-каршылыктарга, кыйратуучу конкуренцияга каршы болуу;

Объективдүүлүк

каралоо, ушактоо, далилсиз маалыматтары жайылтуу жана ар кандай уюмдардын өз кызыкчылыгын көздөгөн максаттарынан алыс болуу

Профессионалдуулук

дилетантизм жана караңгы ойлорго каршы болуу

Нейтралдуулук

оппозиция жана пропозицияга бөлүнүүдөн алыс болуп, баары менен бирдей иштешүүгө даяр болуу

Өнөктөштөр

  • Радио Алмаз
  • Кыргызское радио
  • K-NEWS
  • KABAR.KG
  • МАРАЛ радио
  • Ош Шамы
  • Манас радио
  • РОСИНБАНК
  • БАКАЙ БАНК
  • ЭЛТР
  • ОТРК
  • Комитет Развития Исламской Экономики
  • Аргументы и Факты газетасы
  • радио Рекорд
  • Алиби
  • Асман пресс
  • Радио Азаттык
  • Эхо Манас
  • Манас Университети
  • Жаны агым
  • Айбат
  • Эркин тоо
  • Кереге
  • Турк эл
  • Заман
  • Жаны ордо
  • Газета
  • Саясат
  • Общественный Фонд
  • Центр развития человека САМО
  • Национальный институт стратегических исследований
  • Бир Дүйнө
  • Клуб частных инвесторов
  • Всемирный Банк
  • Финансовая компания
  • Хаятт Ридженси Бишкек
  • Человеческие ресурсы
  • Международный  журнал  «Деловой собеседник»
  • Центр Тренинга и Консалтинга
  • НАРЫН ИНФО
  • Ассоциация Развития Исламской Экономики, Финансов и Индустрии
  • “Sanatkg” культурно-общественный журнал
  • Журнал
  • Радио ОК
  • ВВС
  • Газета
  • Женский глянцевый журнал «Бишкекчанка»
  • Надёжный хостинг в Кыргызстане
  • Международная молодежная общественная организация «Содружество»
  • Министерство образования и науки КР
  • Центр развития Ала-Тоо