Коомдук мектептин III-агымынын бүтүрүүчүлѳрүнѳ сертификат тапшыруу аземи
Борборубуздун дагы 100 студенти–лидери «Прогрессивдүү Демилгелер Фонду» коомдук фондунун татыктуу муунду тарбиялоо жана түзүү үчүн багытталган «Кыргызстандын Жаш Лидерлери» коомдук мектебин ийгиликтүү аяктады.
2015-жылдын 25-майында Кыргыз-Түрк «Манас» Университетинде «Кыргызстандын Жаш Лидерлери» коомдук мектебинин III-агымынын бүтүрүүчүлѳрүнѳ сертификат тапшыруу аземи болуп ѳттү.
«Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектеби «Прогрессивдүү Демилгелер Фонду» коомдук фондунун татыктуу муунду тарбиялоо жана түзүү үчүн багытталган, Кыргызстандагы эң алгачкы жана бүгүнкү күндѳ бекер билим берген жалгыз илим долбоору болуп саналат.
Мектеп 1 жылда 2 агымды окутуп чыгарат (жаз-жай жана күз-кыш) жана жыл сайын улана бермекчи. Окуу долбоорунун сезондук созулушу 3 ай жана акысыз.
Программанын алкагында инсандык сапаттарды психологиялык жактан өнүктүрүүгө жардам берүүчү тренингдер финансылык сабаттуулук жана өз алдынча иштеп кетүү, оратордук искусство жана маек куруунун ыкмалары, психологиялык жактан өнүгүү, фандрайзинг жана башка кѳптѳгѳн ар тараптуу тренингдер адамдын касиеттерин ачууга жана келечекте ар тараптуу ѳсүүгѳ жардам берет.
«Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектеби алкагында, Фонд кѳптѳгѳн алдыңкы ЖОЖдор менен биргеликте иш алпарып келет жана алардын арасында чоң брендге айланды.
2014-жылдын жыйынтыгы менен бардык ЖОЖдордон 1200 билдирме жѳнѳткѳн студенттердин арасынан татыктуу делген 200 студент конкурс аркылуу тандалып алынып, жыйынтыгында 200 лидер аталган мектепти ийгиликтүү аяктаган.
Татыктуу муунду тарбиялоо үчүн Фонд, тажрыйбасы жогорку тренерлерди, белгилүү эксперттерди, авторитети күчтүү окумуштууларды, эмгеги сиңген коомдук ишмерлерди, ийгиликтүү бизнесмендерди жана саясатчыларды чакырып, иш алпарат.
“Кыргызстандын жаш лидерлери” коомдук мектебинин жаркыраган келечекти курууга умтулган бүтүрүүчүлөрү тарабынан уюштурулган “Агартуу лигасы” долбоорунун алкагында Бишкек шаарынын ЖОЖдоруна жана орто мектептерине жана ошондой эле Республикабыздын бардык региондоруна тренинг ѳтүшүп, жыйынтыгында аталган долбоордун алкагында 6000 ден ашуун балдар менен билимдерин бѳлүщүп келишкен.
“Кыргызстандын жаш лидерлери” коомдук мектеби, ар бир студентке кайтарымсыз негизде ири суммадагы инвестиция кылып, ЖОЖдордо берилбеген заманбап билимдерди берген жалгыз мектеп болуп саналат.
Добавить комментарий