“Ыйман” фондунун төрагасы жаш лидерлер менен жолугушту
Нуржигит Кадырбеков фонддун бүгүнкү күндө аткарып аткан иштери жана алдыдагы максаттары тууралуу маалымат берди.
2015-жылдын 23-ноябрында Исхак Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университетинде “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков менен “Кыргызстан жаш лидерлери” коомдук мектебинин катышуучуларынын жолугушуусу болду.
Нуржигит Кадырбеков өлкөбүздүн жарандарынын диний сабатын көтөрүү максатында “Ыйман” фонду КРнын Президентинин демилгеси менен 2014-жылы негизделгенин белгилеп, фонддун бүгүнкү күндө аткарып аткан иштери жана алдыдагы максаттары тууралуу маалымат берди.
Өлкөбүздөгү диний сабатсыздык мамлекетке жана коомго коркунуч туудуруп атканын жана ошол себептүү “жихад” түшүнүгүн туура эмес түшүнүп алышып, Сирияга кеткен жарандарыбыз болуп атканын белгиледи.
Ошондой эле Нуржигит Кадырбеков жаш лидерлерге ар адамдын ата-эне, мекен алдындагы милдеттери, убакытты туура колдонуусу керек экени тууралуу айтып өтүп, чет мамлекеттерден алган тажрыйбалары менен бөлүшкөн соң, жолугушуу соңунда катышуучулардын кызыккан суроолоруна жооп берүү менен аяктады.
Фонд учурдан пайдаланып, Нуржигит Кадырбековго терең ыраазычылыгын билдирет.
Добавить комментарий