ЖОЖдордун студенттери менен жолугушуу болуп ѳттү
Бүгүн, 20-сентябрда Бишкек гуманитардык университетинин, Чыгыш университетинин жана Кыргыз экономикалык университетинин студенттери менен жолугушуу болуп ѳттү.
Прогрессивдүү Демилгелер Фонду 2014-жылдан бери «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектеби аркылуу жаш улан-кыздарга заманбап кошумча билим берип келүүдѳ. Учурда аталган долбоордун 6-агымына студенттерди кабыл алуу кызуу жүрүп жаткан кези.
Бүгүн, 20-сентябрда Бишкек гуманитардык университетинин, Чыгыш университетинин жана Кыргыз экономикалык университетинин студенттери менен жолугушуу болуп ѳттү. Жолугушууда коомдук мектептин бүтүрүүчүлѳрү аталган долбоор тууралуу кененирээк маалымат беришип, долбоорго кантип тапшыруу тууралуу айтып, катышуучулардын кызыккан суроолоруна жооп берип келишти.
Коомдук мектепке катышууну каалагандар жана катталууга жетише электер – шашылыңыздар! Катталуу аяктап бара жатат, орундар чектелүү!!!
Добавить комментарий