Жылдын меценаты - Аскар Салымбеков
Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун жамааты Фонддун негиздɵɵчүсү болгон Аскар Мааткабыловичти алган сыйлыгы менен чын жүрɵктɵн куттуктайт
75 жылдык тарыхы бар Кыргызстандын туңгуч гезити болгон «Кыргыз Туусу» гезити бүгүн салтанаттуу маанайда жыл мыктыларын аныктады. Мыктылардын арасынан коомдук ишмер, белгилүү меценат Аскар Мааткабылович Салымбеков дагы белгиленип, маданияттын ɵсүп ɵнүгүүсүнɵ, билим берүүгɵ, илимге, жаш таланттарга, кыргыз спортуна колдоо кɵрсɵткɵндүгү жана ɵлкɵбүздүн экономикасын кɵтɵрүүгɵ кошкон салымы үчүн «Жылдын меценаты» деп табылды. Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун жамааты Фонддун негиздɵɵчүсү болгон Аскар Мааткабыловичти алган сыйлыгы менен чын жүрɵктɵн куттуктап, ар бир жаратман эмгегиңиз ар дайым бааланып, барктала берсин демекчибиз. Өзгɵчɵ жаштарга заманбап билим берүү жаатындагы жасалган иш аракеттер келечекке болгон инвестиция болуп, кези келгенде элибизге жана мамлекетибизге ɵз жемишин берет деп терең ишенебиз.
Добавить комментарий