Наверх
  • 0 (312) 620921

Бөлүм тууралуу

Кызматташууга чакыруу!

Келгиле, конструктивдүү жаратуучу күч жаратып, мамлекеттин бекем жөлөгү бололу! Альбер Камю «айласыздык абалында болуудан артык дем жок» дегендей, биз баарыбыз консолидация үчүн жетилип бышып даярбыз, бир гана бирге аракет кылууга кадам таштайлы!!! Көкүрөктөн чыккан ак тилектердин баары сөзсүз аткарылуу сапаты бар экенин унутпай биригели!!!

Стратегиялык документтер жана жол карталарын иштеп чыгууда стратегиялык кызматташууга чакыруу

 

 

Иш менен тастыкталган абийирди кадырлап,

коом баалап келген.

Кимде-ким өзүн сынап көргүсү келсе,

Элдин элегинен чыгып,

Өзүн арнап келген.  

Гельвеций К.


Кыргызстан эгемендүүлүккө жеткенден бери кыйынчылыктын ичинде жашап келет. Мамлекеттүүлүктү жоготуу, элдин ыдырашы сыяктуу коркунучтуу мезгилдер да өттү. Көп партиялуулук келди, мамлекет башкаруучулар биринин аркасынан бири келип алмашты, конституцияны өзгөртүү аракети болуп, бир нече жолу төңкөрүштү да көрүп калдык.  Буга чейин мамлекеттик маселелерди чечүүдө, ар түркүн мыйзамдарды кабыл алууда жалпы коомдун добушу кошулган эмес. Өзүбүздү демоктратиялык өлкө дегенибиз менен коомчулуктун көз карашы, ою коомдук-экономикалык абалды тургузууда эске алынбай келди.

Тилекке каршы, коомдун идеялары эч кимге керексиз жана демилгелери угулбай кала берген мезгил келди.  Кыргызстанда айласыздыктан чет өлкөлөргө акыл-эстин агылышн байкоого болот. Мамлекет талантуу адамдардан жана мыкты иштермандардан кол жууп келе жатат. Бирок биздин коомду кармап, чөктүрбөй турган да күчтөр, акылдар да бар. Эл  өзгөрүү, өнүгүүгө өз салымын кошкусу жана жараткысы келүүдө.

Ушул максатты көздөп биздин Фонд мамлекеттин келечегине кайдыгер карабаган жарандарга атайы аянттарды түзүүдө. Дагы бир жолу үлгү ала турган жарандар бар экенин баса белгилеп кеткибиз келет: эксперттер өнүгүүнүн конкреттүү концепция жана ишмердүүлүктүн эффективдүүлүгүн арттыруунун жолдорун жазып сунуштап келишет; ал эми илимий интеллигенция акча каражаттардын жетишсиздигине карабастан изилдөө иштерин жасап келишет. Бирок аларын баары чачыранды болуп, ар бири өз казанында гана кайнап келүүдө. Биз профессионалдуулугубузду, компетенттүүлүгүбүздү жана билимибизди бир багытка салуубуз зарыл.

«Кыргызстандын Идеялык картасы» өз ичине коомдогу бардык багыттарды камтыйт жана биримдикке чакырат.  Бир гана бул картада жолдорду чийип, кандай, кайсы идея жана демилгелер менен кайда жетебиз деген суроолорго жооп табуубузду шарттайт. Демек, бул жооптуу милдетти биз калем менен эмес, жаратуучу демилгелер жана прогрессивдүү идеялар менен жолдорду белгилөөбүз зарыл.

Сунушталган виртуалдык аянттар жана краудсорсингдин механизмдери биздин бирге иштөөбүзгө жана коомдогу маселелерди чечүүдө убакытты үнөмдөп, эч кандай каражатты талап кылбайт. Бул принцип аркылуу элдин коомдук маанилүү маселерге катышуусун эффективдүү кылып, эксперттердин тобунун, коллективдик акылдын элегинен өткөрүп татыктуу идея, асыл ойлордун негизинде «Кыргызстандын Идеялык Картасында» стратегиялык жолдордун изин чийүүгө жардам берет. Тактап айтканда, эксперттик топтун чечими менен кабыл алынган алдыңкы идеялар менен бирге стратегиялык документтерди даярдоого жөлөк болот. Ал эми бул идеялар жергиликтүү илимий жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү, эксперттер, мамлекеттик институттар тарабынан сунушталып мамлекеттин өнүгүүсүнө ориентир болушу мүмкүн. Биз мамлекеттик бийликке бирге иштеп чыккан документти сунуштап, өз салымыбызды бирге кошуу мүмкүнчүлүгүн алабыз. Биримдик, конструктивдүү жаратуучу күчтү пайда кылат.

Бирдей шарттарда жана байланыштын мобилдүүлүгү менен «виртуалдык тегерек столдо» биринчиден, биз прогрессивдүү идеяларды аныктап, экинчиден, алардын негизинде стратегиялык документтерди жана тигил же бул багыттагы жол карталарды даярдайбыз.

Буга чейин биргелешүү чакырыгы болгон эмес. Биз Сиздерге терең ишенүү менен бардык ишмердүүлүгүбүздүн координациясын ишке ашырууга жана бул чоң жоопкерчиликке коркпостон баш сайып, стратегиялык документтерди жазып чыгып, мамлекетке реалдуу жардам көрсөтүүгө чакырабыз.

            Биз ар бирибиз өз ишибизди мыкты билебиз, бизге чоң каталар айкын болуп, бул каталардан кутулуунун жолун да мыкты билебиз. Ошол себептүү биз бул мүмкүнчүлүктү коё бербей, коллективдик интеллектти түзүүбүз керек. Бул «Кыргызстандын Идеялык Картасы» бизге, ишин мыкты билген эксперттерге мамлекеттин чыныгы потенциалын ачууга жана өнүктүрүүгө чоң кадам болуп саналат. Келгиле, конструктивдүү жаратуучу күч жаратып, мамлекеттин бекем жөлөгү бололу! Альбер Камю «айласыздык абалында болуудан артык дем жок» дегендей, биз баарыбыз консолидация үчүн жетилип бышып даярбыз, бир гана бирге аракет кылууга кадам таштайлы!!! Көкүрөктөн чыккан ак тилектердин баары сөзсүз аткарылуу сапаты бар экенин унутпай биригели!!! 

Система Orphus
Добавить комментарий

Ваша эл. почта не будет опубликован. Обьязательные поля *

Комментарий не существует

Жарыялар

Внимание! ОТКРЫТ НАБОР НА 7 ПОТОК ОБЩЕСТВЕННОЙ ШКОЛЫ «ЮНЫЕ ЛИДЕРЫ КЫРГЫЗСТАНА».

Внимание! Объявляем набор на СУПЕР ПРОЕКТ Общественная школа «МЛК».

ВНИМАНИЕ!!!

Общественная школа "Молодые лидеры Кыргызстана" и ЮЛК

Кулактандыруу! Убакыт келди!

Внимание! Общественная школа «ЮНЫЕ ЛИДЕРЫ КЫРГЫЗСТАНА» IV поток

III Всемирный конкурс кыргызстанцев Акыл Тирек 2015

Внимание! Внимание! Внимание!

Көнүл бурунуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебине билдирүүлѳрдү кабыл алуу башталды.

Көнүл бурунуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебине билдирүүлөрдү кабыл алуу мөөнөтү узартылды.

25/06/2014 ж. саат 18:15 "Кыялымдагы Кыргызстан" долбоорунун 3-оюнун КТРКдан көрө аласыздар.

Кыялымдагы Кыргызстан 18.06.2014ж саат 18.20

Каржы сабаттуулугу боюнча коомдук лекция белгисиз бир убакытка жылдырылууда

"Коучинг. Уюштуруучулук консультациясы"

Обсуждение предстоящих мероприятий

Кѳңүл буруңуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин экинчи тандоосу башталды

Кыргызстандыктардын Экинчи Бʏткʏл дүйнөлүк «Акыл Тирек» жарышы

И12-апрель ишембилиги жылдырылды

Внимание! Внимание!!! Срочно!!! Срочно!!!

Конул бурунуз! "Кыялымдагы Кыргызстан" сынагына билдируулорду кабыл алуу узартылды

Жарыялар топтому

Патриотизм

маңкуртчулук жана кыргыз элинин территориялык маселелерине, улуттук тилге, тарых, маданият жана каада-салтттарына кайдыгерлик мамилени четке кагуу

Жаратмандык ишмердүүлүк

регионализм, радикализм, диний фанатизм жана улутчулдук кыймылдарын четке кагуу

Конструктивдүүлүк

максатсыз карама-каршылыктарга, кыйратуучу конкуренцияга каршы болуу;

Объективдүүлүк

каралоо, ушактоо, далилсиз маалыматтары жайылтуу жана ар кандай уюмдардын өз кызыкчылыгын көздөгөн максаттарынан алыс болуу

Профессионалдуулук

дилетантизм жана караңгы ойлорго каршы болуу

Нейтралдуулук

оппозиция жана пропозицияга бөлүнүүдөн алыс болуп, баары менен бирдей иштешүүгө даяр болуу

Өнөктөштөр

  • Радио Алмаз
  • Кыргызское радио
  • K-NEWS
  • KABAR.KG
  • МАРАЛ радио
  • Ош Шамы
  • Манас радио
  • РОСИНБАНК
  • БАКАЙ БАНК
  • ЭЛТР
  • ОТРК
  • Комитет Развития Исламской Экономики
  • Аргументы и Факты газетасы
  • радио Рекорд
  • Алиби
  • Асман пресс
  • Радио Азаттык
  • Эхо Манас
  • Манас Университети
  • Жаны агым
  • Айбат
  • Эркин тоо
  • Кереге
  • Турк эл
  • Заман
  • Жаны ордо
  • Газета
  • Саясат
  • Общественный Фонд
  • Центр развития человека САМО
  • Национальный институт стратегических исследований
  • Бир Дүйнө
  • Клуб частных инвесторов
  • Всемирный Банк
  • Финансовая компания
  • Хаятт Ридженси Бишкек
  • Человеческие ресурсы
  • Международный  журнал  «Деловой собеседник»
  • Центр Тренинга и Консалтинга
  • НАРЫН ИНФО
  • Ассоциация Развития Исламской Экономики, Финансов и Индустрии
  • “Sanatkg” культурно-общественный журнал
  • Журнал
  • Радио ОК
  • ВВС
  • Газета
  • Женский глянцевый журнал «Бишкекчанка»
  • Надёжный хостинг в Кыргызстане
  • Международная молодежная общественная организация «Содружество»
  • Министерство образования и науки КР
  • Центр развития Ала-Тоо