Наверх
  • 0 (312) 620921

Кызматташтыкка чакыруу

"АНАЛИТИКА.КР" ДОЛБООРУ БОЮНЧА

Бүгүнкү күндө кыргызстанда мындай аянтча жок. Бул аянтчада дүйнө жүзүндөгү жана коомдогу статистикалык так маалыматтар, эл аралык баа берүүлөр, компаниялардын рейтинги жана кайсы бир тармактын абалын алдын ала прогноздоо тууралуу маалыматтар берилмекчи.

 

Прогрессивдүү Демилгелер Фонду «Кыргызстандын идеялык картасы» долбоорунун алкагында  жаңы долбоорду «Аналитика КР» analitika.fpi.kg сайтын баштап, Сиздин мекемеге башкы өнөктөштүк сунушун киргизүүдө.

Бүгүнкү күндө кыргызстанда мындай аянтча жок. Бул аянтчада дүйнө жүзүндөгү жана коомдогу  статистикалык так маалыматтар, эл аралык баа берүүлөр, компаниялардын рейтинги жана кайсы бир тармактын абалын алдын ала прогноздоо тууралуу маалыматтар берилмекчи. Ар бир окурманга керектүү, кызыктуу, пайдалуу маалыматтар жайгашмакчы.

analitika.fpi.kg сайты Кыргызстандагы универсалдуу сайт жана анда жогоруда айтылгандардан сырткары дүйнөлүк жана жергиликтүү экономикалык, бизнес, илим, техника, саясат жаңылыктары да жаңыланып чыгып турмакчы. 

Фонд коомдогу прогрессивдүү, жаратман ойдогу энтузиасттарды жана жаңы элитаны талыкпай конкурс, проект жана иш-чаралар аркылуу издеп, таап келүүдө. Буга чейинки жасалган иштерден улам өздүк база түзүлдү жана ал дайым илимий ишмерлер, эксперттер жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен толукталып турууда.

 «Аналитика КР» долбоорунун максаты – күчтүү аналитикалык интерет-портал болуу.  Коомго пайдалуу маалыматтык ресурс катары илимий, эксперттик коомдун ролун жогорулатуу менен дүйнөлүк, коомдогу так статистикадан кабар берүү.

Багыттар.  Бул долбоор көптөгөн эксперттерге чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Төмөнкү багыттарда иш алып барылмакчы: эксперттердин блогдорун алып баруу б.а. илимий техникалык жана аналитикалык макалаларды чагылдыруу; жаңылыктарды топтоо жана чыгаруу; алдын ала прогноз жүргүзүү жана официалдуу, коомдук статистикалык так маалыматтарды берүү. Мындан сырткары «Акыл Тирек» долбоорунун мүчөлөрүнүн, эксперттердин, аналитик жана мыкты, навотордук идеялары менен коомго өзгөрүү киргизе алган инсандардын биргелешкен эмгектери жана изилдөөлөрү да көрсөтүлүп турмакчы.

Демек, «Аналитика КР» ар бир прогрессивдүү ойлонгон жаранга өз идеясын, көз карашын, карманган позициясын жашына, улутуна, динине, саясий тутумуна карабай коомчулукка чыгарып, колдоого ээ болуу менен бирге башкалардан керектүү билим топтоо мүмкүнчүлүгүн түзүп берет.

Фонд бул долбоорду ишке киргизүү максатында жана сайтты иштетүү үчүн керектүү каржаттарды сарптап жатат. Сайттын техникалык жактан колдоосуна, уюуштуруу жана маалыматтарды топтоого да тиешелүү чыгымдарды жасоодо.

Аталган долбоор келечектүү жана реалдуу мүмкүнчүлүктөргө ээ. Ошол себептен Фонд Сиздин мекемеңизге бирге иштешүүгө, бул долбоор боюнча кызматташтыкка чакырат.   Бүгүнкү күндө бул сайт Кыргызстандын интерент чөйрөсүндө толук иштеп жатат.

Эгер Сиз эксперттер коомун колдоого, аналитикалык эмгетердин, дүйнөлүк статистиканын чыгарылышына жана Фонд менен кызматташтыкка кызыктар болсоңуз, сайттын чыгымдарына көмөктөшүүгө чакырбыз. Бюджет жана долбоордун презентациясы тиркелген

Фонд ар бир иш-кана менен иштешүүгө даяр, анткени ар биринин тажрыйбасы жана билими «Аналитика КР» долбооруна пайдалуу деп эсептейт. Фонд кызматташтык коомдун тез өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт деп ойлойт. Жалпы аракет жана демилгелердин топтому менен ар тараптуу ийгиликке аз убакыттын аралыгында жетүүгө мүмкүн.

Фонд өз тарабынан төмөнкү милдеттерди аткарууга даяр:

1.      Мекеменин логотип\баннерин analitika.fpi.kg сайтына жайгаштыруу менен Сиздин сайтыңарга ссылкасын берүү.

2.      Мекеменин логотип\баннерин www.fpi.kg сайтына жайгаштыруу менен Сиздин сайтынарга ссылкасын берүү.

3.      Мекеменин логотип, статус жана башка маалыматтары ар бир пресс-релизде берилет. Пресс-релиздер www.fpi.kg сайтында жайгаштырылат. Бул пресс-релиздер жалпы массага татарылып, бардык ММКна, бизнес структураларына, ЖОЖларга, эл аралык уюмдарга, коомдук  мекемемелерге жайылтылат.

4.      Сиздин компанияңыздын логотибин жана статусун бардык афишаларда, видеороликтерде көрсөтүү. Афишалар бардык ЖОЖларда жана социалдык түйүндөрдө илинет. (facebook, odnoklassniki, twitter…).

5.      Сиздин компанияңыздын логотибин жана статусун видеоролик-анонсторго кошуп,  diesel.elcat.kg, namba.kg, blive.kg жана КТРКда көрсөтүү.

6.      Сиздин компанияңыздын логотибин жана статусун жана маалыматтарды ММК, бизнес-структура, ЖОЖ, эл аралык уюмдарга, коомдук  мекемемелерге жөнөтүлө турган чакырууларга жайгаштыруу.   

7.      Жетекчиликтен алынган интервьюну Фонддун видео отчетуна жана www.fpi.kg сайтынын «Интервью-пикир» бөлүмүнө жайгаштыруу.

8.      Фонддун иш-чараларында өз баннеринерди, маалымат берүүчү рекламалык материалдарынарды, видеофильмиңерди көрсөтүүгө шарт түзүү. (ар бир шарт иш-чаранын форматына жана мүмкүнчүлүгүнө жараша кошумча такталат).

Эскертүү. Видеоролик, анонс, пресс-релиздердин таратылышы жана трансляциялар, атайын репортаждардын мөөнөтү, датасы жери алдын ала билдирилип турмакчы.

Кызматташтыкта Фонд бардык ММК чыгарылган материалдар боюнча отчет даярдап бермекчи. Бардык тиешелүү, керектүү материалдар Сиздерге убагында берилип турат.

Фонд дайым кызматташтыкка даяр жана Сиздердин сунуштарыңыздарды да күтөт. Бардык суроолор боюнча төмөнкү даректерге кайрылсаңыздар болот.

Терең урматтоо менен

Фонддун башкы мүдүрү                                                                                  А. Жумадилов

Жооптуу - Сейталиева Бегимай, 0312 69 05 43, 0550 13 13 11, fpi.kg@mail.ru

 

Система Orphus
Добавить комментарий

Ваша эл. почта не будет опубликован. Обьязательные поля *

Комментарий не существует

Жарыялар

Внимание! ОТКРЫТ НАБОР НА 7 ПОТОК ОБЩЕСТВЕННОЙ ШКОЛЫ «ЮНЫЕ ЛИДЕРЫ КЫРГЫЗСТАНА».

Внимание! Объявляем набор на СУПЕР ПРОЕКТ Общественная школа «МЛК».

ВНИМАНИЕ!!!

Общественная школа "Молодые лидеры Кыргызстана" и ЮЛК

Кулактандыруу! Убакыт келди!

Внимание! Общественная школа «ЮНЫЕ ЛИДЕРЫ КЫРГЫЗСТАНА» IV поток

III Всемирный конкурс кыргызстанцев Акыл Тирек 2015

Внимание! Внимание! Внимание!

Көнүл бурунуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебине билдирүүлѳрдү кабыл алуу башталды.

Көнүл бурунуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебине билдирүүлөрдү кабыл алуу мөөнөтү узартылды.

25/06/2014 ж. саат 18:15 "Кыялымдагы Кыргызстан" долбоорунун 3-оюнун КТРКдан көрө аласыздар.

Кыялымдагы Кыргызстан 18.06.2014ж саат 18.20

Каржы сабаттуулугу боюнча коомдук лекция белгисиз бир убакытка жылдырылууда

"Коучинг. Уюштуруучулук консультациясы"

Обсуждение предстоящих мероприятий

Кѳңүл буруңуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин экинчи тандоосу башталды

Кыргызстандыктардын Экинчи Бʏткʏл дүйнөлүк «Акыл Тирек» жарышы

И12-апрель ишембилиги жылдырылды

Внимание! Внимание!!! Срочно!!! Срочно!!!

Конул бурунуз! "Кыялымдагы Кыргызстан" сынагына билдируулорду кабыл алуу узартылды

Жарыялар топтому

Патриотизм

маңкуртчулук жана кыргыз элинин территориялык маселелерине, улуттук тилге, тарых, маданият жана каада-салтттарына кайдыгерлик мамилени четке кагуу

Жаратмандык ишмердүүлүк

регионализм, радикализм, диний фанатизм жана улутчулдук кыймылдарын четке кагуу

Конструктивдүүлүк

максатсыз карама-каршылыктарга, кыйратуучу конкуренцияга каршы болуу;

Объективдүүлүк

каралоо, ушактоо, далилсиз маалыматтары жайылтуу жана ар кандай уюмдардын өз кызыкчылыгын көздөгөн максаттарынан алыс болуу

Профессионалдуулук

дилетантизм жана караңгы ойлорго каршы болуу

Нейтралдуулук

оппозиция жана пропозицияга бөлүнүүдөн алыс болуп, баары менен бирдей иштешүүгө даяр болуу

Өнөктөштөр

  • Радио Алмаз
  • Кыргызское радио
  • K-NEWS
  • KABAR.KG
  • МАРАЛ радио
  • Ош Шамы
  • Манас радио
  • РОСИНБАНК
  • БАКАЙ БАНК
  • ЭЛТР
  • ОТРК
  • Комитет Развития Исламской Экономики
  • Аргументы и Факты газетасы
  • радио Рекорд
  • Алиби
  • Асман пресс
  • Радио Азаттык
  • Эхо Манас
  • Манас Университети
  • Жаны агым
  • Айбат
  • Эркин тоо
  • Кереге
  • Турк эл
  • Заман
  • Жаны ордо
  • Газета
  • Саясат
  • Общественный Фонд
  • Центр развития человека САМО
  • Национальный институт стратегических исследований
  • Бир Дүйнө
  • Клуб частных инвесторов
  • Всемирный Банк
  • Финансовая компания
  • Хаятт Ридженси Бишкек
  • Человеческие ресурсы
  • Международный  журнал  «Деловой собеседник»
  • Центр Тренинга и Консалтинга
  • НАРЫН ИНФО
  • Ассоциация Развития Исламской Экономики, Финансов и Индустрии
  • “Sanatkg” культурно-общественный журнал
  • Журнал
  • Радио ОК
  • ВВС
  • Газета
  • Женский глянцевый журнал «Бишкекчанка»
  • Надёжный хостинг в Кыргызстане
  • Международная молодежная общественная организация «Содружество»
  • Министерство образования и науки КР
  • Центр развития Ала-Тоо