Наверх
  • 0 (312) 620921

Долбоорлор

ЖУРНАЛИСТТЕРДИН “АКЫЛ ТИРЕК” НААМЫН

Баарыбызга белгилүү болгондой, ар кайсы тармактарда терең изилдөөлөрдү жүргүзүп, мамлекетке пайдалуу сунуштары менен кеңештерин берип келген, өлкөбүздө илимдин өнүгүшүнө салым кошуп жаткан жаш акылмандарыбыздын эмгегин баалоо үчүн аларга “Акыл Тирек” наамын ыйгарып жана “Акыл Тирек” китебине киргизүү менен моралдык жактан колдоону Прогрессивдүү Демилгелер Фонду, тактап айтканда Фонддун негиздөөчүсү А.Салымбеков алып барууда.

Кыргызстандын мыкты журналисттерине “Акыл Тирек” наамын ыйгаруу салтанаты

 

“Акыл Тирек” наамы - Баарыбызга белгилүү болгондой, ар кайсы тармактарда терең изилдөөлөрдү жүргүзүп, мамлекетке пайдалуу сунуштары менен кеңештерин берип келген, өлкөбүздө илимдин өнүгүшүнө салым кошуп жаткан жаш акылмандарыбыздын эмгегин баалоо үчүн аларга “Акыл Тирек” наамын ыйгарып жана “Акыл Тирек” китебине киргизүү менен моралдык жактан колдоону Прогрессивдүү Демилгелер Фонду, тактап айтканда Фонддун негиздөөчүсү А.Салымбеков алып барууда. Бул биздин жаш окумуштууларыбыздын эмгегине таазим кылуубуз жана жаштарды билимге умтулуп, акылга таянуусуна кошо турган салымыбыз деп ойлойбуз. 2013-жылдын 7-сентябрь күнү экономика жана мамлекеттик башкаруу багытындагы мыкты илимпоздого бул наам ыйгарылды.

 

Журналистика тармагындагы “Акыл Тирек” наамы - Коомдун акыл тиректери илим казып жүргөн окумуштуулар менен гана чектелбээри да маалым. Акыл тиректер массалык маалымат каражат өкүлдөрүнүн арасында да бар. Себеби журналисттер коомго маалымат жеткирүүчү көпүрө гана эмес, өз макала, берүүлөрү жана уктуруулары аркылуу коомду агарткан жана коомдук аң-сезимди пайдалуу нукка бурган чоң күч болуп саналат. Чындыгында тигил же бул маселени терең изилдеп, артынан сая түшүп курч калеми, өзгөчө көз карашы, күчтүү аналитикасы менен мамлекеттик бийликке, коомчулукка жеткирүү аркылуу акыл тирек болуп жүргөн журналисттер да аз эмес. Алар диссертация жазып илим казбаса да, журналисттик калеми менен чыныгы абалды көрүп баяндоо аркылуу коомдун акыл тиректерине айланышат. Фонддун алдында дагы бир тапшырма катары массалык маалымат каражаттарынын арасындагы акыл тиректерибизди аныктап, аларга “Акыл Тирек” наамын салтанаттуу түрдө ыйгарып, коомчулук алдында ак эмгегин даңазалоо турат.

 

Акыл Тирек журналисттерди сыйлоо аземинин номинациялары:

1.  “Көч башат” номинациясы

Журналистика көп кырдуу жана татаал тармак, төртүнчү бийлик макамын алган бул тармактын мыкты өкүлдөрү журналистиканын сырын таап, эмгектеринде объективдүүлүк, акыйкаттык жана тарбиялык принциптерин туу тутуп, жаштарга  үлгү болуп келишет. Кыргыз журналистикасында кесибин кандай гана кыйынчылык болбосун таштабай, ага берилип, терең жана объективдүү ой жүгүртүүсү аркылуу калкты агартып, керектүү маалымат жана алдыңкы ойлорду жеткирүүнү талбай аркалап жүргөн  мындай көч башат журналисттердин катары толукталгандан толукталып келет.

2.   «Жаш тирек» номинациясы

Кыргыз журналистикасына жаңы багыт, жаңы идея, жаңы дем кошкон жаңы муундун өкүлдөрү өзүнүн макала, уктуруу, көрсөтүүлөрүндө уламышты улап, үмүттү өчүрбөй, өз позициясы жана өзгөчө нукта берүүлөрү менен суусап турган коомубуздун моокумун кандырып, маалыматтарды жеткизип келген жаш журналисттер арбын. Жаңыча көз караш менен улуу максаттарды коюп, акыйкатты жана калкка керектүү маалыматтарды чагылдырууну максат кылган жаш тирек журналисттер арбып жана күчтөнө берсин.

3.   «Курч калем»  номинациясы

Тарыхтын бүктөмүндө калбаган, мезгил шамалына сынбаган эң байыркы массалык маалымат каражаттары болгон гезит жана журналдар өз актуалдуулугун бүгүн да жоготпой, мыкты журналисттердин биринчи мектеби болуп келет. Бул мектептин мыкты журналисттери курч калемин курчуткандан курчутуп, улуттук идеология, кыргыз тилин өнүктүрүү, социалдык-экономикалык маселелерди талдап баяндоо жана тарых барактарына сапар улантуу ж.б. көптөгөн багыттарда объективдүүлүк жана профессионалдуулукту туу тутуп калктын калың катмарын, өзгөчө аймактарды маалымат менен камсыз кылып келишет.

  1. Теле көз караш номинациясы

Коомдо маалыматты жеткирүүнүн эң таасирдүү булагы катары телеканалдардын мааниси зор. Окуя жана маалыматтарды жандуу түрдө жеткиликтүү даярдап берүү менен телевидение көпчүлүк үчүн ыңгайлуу маалымат булагы болуп саналат. Мына ушул теле тармагында аналитикалык берүүлөрү, журналисттик иликтөөлөрү менен коомдун аң-сезимин туура багытка буруп, калкты объективдүү маалымат менен камсыз кылып, журналисттик мүмкүнчүлүгүн маанилүү жана жаратман иштерге колдонуп келген мыкты журналисттер да аз эмес.

  1. “Интернет күзгүсү” номинациясы

Мезгилдер алмашып, интернет технологиясынын тездик менен өнүгүүсү массалык маалымат каражаттарына дагы таасирин тийгизип, интернет айдыңын анын бир бутагына айлантты. Өлкөбүздө Интернет колдонуучулардын санынын кыска аралыкта 3 миллиондон ашуусу, интернеттин келечекте массалык маалымат каражаттарынынын күчтүү бутагы боло турганын көргөзүп турат. Бул заманбап тармак маалыматты жеңил жана тез арада жайылтуу менен коомду ар тараптан мезгилден артта калтырбай келүүдө. Мына ушул интернет айдыңында коомубуздагы көйгөйдү көтөрүп чыгып, өз сунушун берип, туура сөздөн жазбаган, мезгилдин талабына жараша маалыматтарды жеткирип турган журналисттер да өзгөчө белгиленүүгө татыктуу.

6.   “Алтын көпүрө” номинациясы

Керемет табиятка ээ болгон эгемендүү Кыргыз жергесинин дүйнөлүк аренада абройун көтөрүү, аны башка өлкөлөргө таанытуу, жетишкендиктери менен өзгөчөлүктөрүн жеткирүү максатында ар кыл  маалыматтар менен дүйнө коомчулугун үзгүлтүксүз камсыз кылып келе жаткан журналисттер да бар.  Чет жерде өлкөнү таанытып, дүйнөлүк аренада өлкө тууралуу жакшы маанай жана пикир калтырууга аракет кылып жаткан мындай журналисттер өлкө үчүн өзгөчө мааниге ээ.

7.     “Эл сүймөнчүгү” номинациясы

Элге кызмат кылгандардын эң башкы сыйлыгы – бул элдин колдоосу. Элдин колдоосуна, сүймөнчүгүнө айлануудан артык эч нерсе жок. Мына ошондуктан элдик пикирди эске алуу максатында «эл тараза эл сынчы» принциби менен  жасаган эмгеги менен эл оозуна алынып, окурман, угарман жана көрүүчүлөрдүн ой капчыгын толтуруп келген мыкты журналисттер www.fpi.kg сайтынан жана башка бардык социалдык түйүн, аймактардан келген каттардан аныкталды. Мындай журналисттердин коомубузда аз эмес экенине баарыбыз күбө болдук.

  1. “Кадырман калем” номинациясы

Фонддун түптөлүшүнөн бери терең ишенимин билдирип, ташталган ар бир кадам тууралуу баяндап келген, калайык калкка позитивдүү ийгиликтерди ачып, профессионалдуулугу менен элдин аң-сезиминдеги саламаттыкка салым кошкон, жаратмандык менен прогресстин ишенимдүү өнөктөштөрү болгон Массалык маалымат каражаттары өзгөчө сый урматка ээ. Биз чындыгында өлкөнү оң жакка өзгөртүү үчүн бириккенбиз.

Кошумча ыраазычылык сыйлыктары да сөзсүз каралып, чындык жана профессионалдуулук үчүн ыйгарылып турмакчы.

Журналистика тармагынан “Акыл Тирек” наамына сунуштала тургандарга коюлган негизги талаптар:

Биринчиден, кабарчынын (алып баруучу, продюссер, ж.б.) аналитикалык ой-толгоосу менен жазылган макалаларынын, уктуруу, телеберүү же өз долбоорунун болуусу зарыл;

Экинчиден, жогорудагы эмгеги коомчулукка багытталып, аны маалымат жагынан гана кабардар кылуу эмес, ал эмгектин маңызы тиешелүү коомдун бөлүгүн өнүктүргөн мазмунга (саясат сабаттуулугун, финанасы сабаттуулугун, тарыхый фактыларды тастыктаган ж.б арттырган), агартуучу сапаттарга ээ болуусу тийиш;

Υчүнчүдөн, мамлекеттеги орчундуу маселелерге көз карашын билдирген,  эффективдүү чечим сунуштаган, өнүгүүгө негиз боло турган өз публицистикалык эмгектери жана конкреттүү сунуштары болуусу керек;

Төртүнчүдөн, жетишкен ийгиликтери жана курч аналитикалык көз карашы үчүн коомчулук же мамлекет тарабынан жогорку баа жана колдоого татып келгендиги жана жатышы зарыл;

Бешинчиден, профессионалдуу жүрүм-турум талаптарына жооп берүү менен бирге өз тармагында инновация жараткан, элдин ичинде жана элдердин ортосунда тынчтыктын, ынтымактын  сакталышын бекемдеген, коомчулукту позитивдүү эмгектери менен алга сүрөгөн журналист болуусу зарыл. Социалдык жоопкерчиликке ээ болуп, эң негизги милдетин – коомчулукка туура, так маалыматты жеткире билген, чынчыл, объективдүү болуусу шарт.

 

Фото галерея
Система Orphus
Добавить комментарий

Ваша эл. почта не будет опубликован. Обьязательные поля *

Комментарий не существует

Жарыялар

Внимание! ОТКРЫТ НАБОР НА 7 ПОТОК ОБЩЕСТВЕННОЙ ШКОЛЫ «ЮНЫЕ ЛИДЕРЫ КЫРГЫЗСТАНА».

Внимание! Объявляем набор на СУПЕР ПРОЕКТ Общественная школа «МЛК».

ВНИМАНИЕ!!!

Общественная школа "Молодые лидеры Кыргызстана" и ЮЛК

Кулактандыруу! Убакыт келди!

Внимание! Общественная школа «ЮНЫЕ ЛИДЕРЫ КЫРГЫЗСТАНА» IV поток

III Всемирный конкурс кыргызстанцев Акыл Тирек 2015

Внимание! Внимание! Внимание!

Көнүл бурунуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебине билдирүүлѳрдү кабыл алуу башталды.

Көнүл бурунуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебине билдирүүлөрдү кабыл алуу мөөнөтү узартылды.

25/06/2014 ж. саат 18:15 "Кыялымдагы Кыргызстан" долбоорунун 3-оюнун КТРКдан көрө аласыздар.

Кыялымдагы Кыргызстан 18.06.2014ж саат 18.20

Каржы сабаттуулугу боюнча коомдук лекция белгисиз бир убакытка жылдырылууда

"Коучинг. Уюштуруучулук консультациясы"

Обсуждение предстоящих мероприятий

Кѳңүл буруңуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин экинчи тандоосу башталды

Кыргызстандыктардын Экинчи Бʏткʏл дүйнөлүк «Акыл Тирек» жарышы

И12-апрель ишембилиги жылдырылды

Внимание! Внимание!!! Срочно!!! Срочно!!!

Конул бурунуз! "Кыялымдагы Кыргызстан" сынагына билдируулорду кабыл алуу узартылды

Жарыялар топтому

Патриотизм

маңкуртчулук жана кыргыз элинин территориялык маселелерине, улуттук тилге, тарых, маданият жана каада-салтттарына кайдыгерлик мамилени четке кагуу

Жаратмандык ишмердүүлүк

регионализм, радикализм, диний фанатизм жана улутчулдук кыймылдарын четке кагуу

Конструктивдүүлүк

максатсыз карама-каршылыктарга, кыйратуучу конкуренцияга каршы болуу;

Объективдүүлүк

каралоо, ушактоо, далилсиз маалыматтары жайылтуу жана ар кандай уюмдардын өз кызыкчылыгын көздөгөн максаттарынан алыс болуу

Профессионалдуулук

дилетантизм жана караңгы ойлорго каршы болуу

Нейтралдуулук

оппозиция жана пропозицияга бөлүнүүдөн алыс болуп, баары менен бирдей иштешүүгө даяр болуу

Өнөктөштөр

  • Радио Алмаз
  • Кыргызское радио
  • K-NEWS
  • KABAR.KG
  • МАРАЛ радио
  • Ош Шамы
  • Манас радио
  • РОСИНБАНК
  • БАКАЙ БАНК
  • ЭЛТР
  • ОТРК
  • Комитет Развития Исламской Экономики
  • Аргументы и Факты газетасы
  • радио Рекорд
  • Алиби
  • Асман пресс
  • Радио Азаттык
  • Эхо Манас
  • Манас Университети
  • Жаны агым
  • Айбат
  • Эркин тоо
  • Кереге
  • Турк эл
  • Заман
  • Жаны ордо
  • Газета
  • Саясат
  • Общественный Фонд
  • Центр развития человека САМО
  • Национальный институт стратегических исследований
  • Бир Дүйнө
  • Клуб частных инвесторов
  • Всемирный Банк
  • Финансовая компания
  • Хаятт Ридженси Бишкек
  • Человеческие ресурсы
  • Международный  журнал  «Деловой собеседник»
  • Центр Тренинга и Консалтинга
  • НАРЫН ИНФО
  • Ассоциация Развития Исламской Экономики, Финансов и Индустрии
  • “Sanatkg” культурно-общественный журнал
  • Журнал
  • Радио ОК
  • ВВС
  • Газета
  • Женский глянцевый журнал «Бишкекчанка»
  • Надёжный хостинг в Кыргызстане
  • Международная молодежная общественная организация «Содружество»
  • Министерство образования и науки КР
  • Центр развития Ала-Тоо