Наверх
  • 0 (312) 620921

Жаратман демилгелер

Жобо

Конкурстун максаты – жоопкерчиликти пропагандалоо, жаратман ишмердүүлүккө чакыруу, жаратмандык демилгелерди ишке ашыруу үчүн коомчулуктун аракет жана мүмкүнчүлүгүн бириктирүү.

Жобо

Ар бир кварталда боло турган коомдук долбоорлор конкурсу

 «Жаратман Демилгелердин Лидери»

 

1. Негизги жоболор

Конкурстун уюштуруучусу «Прогрессивдүү Демилгелер Фонду»  болуп саналат.   

Конкурстун максаты – жоопкерчиликти пропагандалоо, жаратман ишмердүүлүккө чакыруу, жаратмандык демилгелерди ишке ашыруу үчүн коомчулуктун аракет жана мүмкүнчүлүгүн бириктирүү.

Долбоорлорго коюлган критерийлер:

Конкурстун максаттарына туура келүү, долбоорду иш жүзүнө аткаруунун реалдуулугу, иш-чаранын масштабдуулугу, долбоорду ишке ашыруу жана максаттарына жетүүнүн тездиги, чыгашалардын эффективдүүлүгү. 

Катышуучулар:

Конкурска жаштардын уюмдары, партия, коомдук фонд, институттар, мамлекеттик эмес уюмдар жана ЖОЖдун студенттик кеңештери катыша алат. Бир мекеме бир гана долбоору менен катыша алат.

 

Негизги талаптар:

 

Долбоорлордун максаты жоопкерчиликти пропагандалоо жана жаратмандык ишмердүүлүккө чакыруу болгондуктан төмөнкү багыттарда болуусу керек:

 

*  Мамлекеттин конституциясын, мыйзамдарын, мамлекеттик символдорду урматтоо жана территориялык бүтүндүктү сактоо пропагандасы;

*  Коомчулуктун (өзгөчө жаштардын) мамлекеттик тил жана тарыхка болгон кызыгуусун арттыруу;

*  Элди биримдикке чакыруу;

*  Улуттар аралык мамилелерди бекемдөөгө шарттарды түзүү;

*  Жаштардын патриоттук сезимдерин күчөтүү;

*  Мамлекеттик маселелерди чечүү үчүн бардык аракет, энергия жана мүмкүнчүлүктөрдү топтоо;

*  Аймактык бөлүнүүнү, диний фанатизмди, саясий радикализмди, улуттук, диний жана саясий көз караштары боюнча бөлүнүүнү сындоого жана чечүүгө багытталган иш-чаралар.  

 

Долбоордун структура жана мазмуну атайын коомдук долбоорлор үчүн бекитилген талаптарга жооп бериш керек. Бекитилген талаптарды WWW.fpi.kg сайтынын «Жаратмандык демилгелер» бөлүмүнөн алууга болот.  

 

Жогорудагы талаптарга жооп бербеген долбоорлор кабыл алынбайт.

Проект белгилүү бир тармактын адистерине  гана түшүнүктүү тилде эмес, козголгон маселени талкууга ала турган жалпы коомчулукка түшүнүктүү жөнөкөй тилде жазылыш керек.

Кыргыз жана орус тилиндеги долбоорлор кабыл алынат.

2. Конкурсту уюштуруу тартиби.

Катышуу билдирүүлөрү  жана керектүү документтер:

Катышуу билдирүүлөр конкурстун официалдуу түрдө жарыяланышынан баштап кабыл алынат.

 

Катышуу билдирүүлөр жана долбоорлор электрондук форматта редакциянын төмөнкү электрондук адреси аркылуу кабыл алынат:www.fpi.kg (Жаратман демилгелер – Долбоор  сунуштоо)

 

Керектүү документтер:

1)      Компьютерде Microsoft Word программасында жазылган жана бардык талаптарга жооп берген долбоордун өзү;

2)      Microsoft Excel программасында жасалган долбоордун бюджети;

3)       Microsoft Power Point программасында жасалган долбоордун презентациясы 5-мүнөттүк болуусу керек.

 

Төмөнкү жоболорго жооп бербеген конкурстук билдирүүлөр жана катышуучулар конкурстан четтетилет:

         Мөөнөтүнөн кечигип берилген катышуу билдирүүсү;

  • Конкурстук документтерге жооп бербеген катышуу билдирүүсү;
  • Керектүү документтердин толук жана далил эместиги.

 

Конкурсту уюштуруу этаптары жана мөөнөттөрү:

Конкурс ар бир квартал сайын, 2013-жылдын март айынан декабрь айына карай өткөрүлөт.

Конкурстук билдирүүлөр  – конкурс жарыяланган кварталдын биринчи айынын биринен кийинки айдын бирине чейин кабыл алынат.  

Конкурстун жыйынтыктары, экспертизасы жана сыйлыктарын тапшыруу – конкурстун башталышынан тартып кварталдын экинчи айынын экинчи жарымына чейин аныкталат.

Конкурс тууралуу жана жыйынтыктар боюнча толук маалымат – www.fpi.kg веб-сайтынын («Жаратмандык демилгелер» бөлүмүндө) жарыяланат.

Конкурстун жеңүүчүлөрү жана катышуучулары дипломдор жана долбоорду ишке ашыруу үчүн гранттар менен сыйланат.

 

Конкурстук иштердин экспертизасы жана жеңүүчүлөрдү аныктоо:

Конкурстук иштердин экспертизасы эки этаптан турат:

  • Алгачкы экспертиза: тематика, мазмуну жагынан талаптарга жооп бериши;
  • Комплекстүү экспертиза: конкурстук иштердин мазмунунун критерийлерге жооп бериши.

Алгачкы экспертизаны Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун эксперттик группасы жана чакырылган эксперттер жүргүзөт.

Комплекстүү экспертизаны атайын конкурс үчүн түзүлгөн коомдук комиссия жүргүзөт. Коомдук комиссия алгачкы экспертизадан өткөн гана иштерди талкуулайт.  Белгилүү критерийлердин негизинде конкурстун жеңүүчүлөрүн аныкташат.

Коомдук долбоорлор төмөнкү критерийлердин негизинде бааланат:

  • Долбоордун конкурстун максаттарына туура келиши – 20 упай;
  • Долбоордун ишке ашуу реалдуулугу – 20 упай;
  • Долбоордун масштабдуулугу – 20 упай;
  • Долбоорду ишке ашыруу жана максаттарына жетүүнүн тездиги- 20 упай;
  • Чыгашалардын акталышы - 20 упай

 

Кулактандыруу!

Конкурстун шарттарына толук жооп берген гана катышуу билдирүүлөрү каралат. Конкурстун шарттарына жооп бербеген иштер каралбайт.

Конкурска жөнөтүлгөн иштер кайтарылбайт.

Конкурстун жыйынтыгында берилүүчү апелляция кабыл алынбайт.

Конкурстун жыйынтыгында максималдуу 5 жеңүүчү белгиленип, долбоорлорун ишке ашыруу үчүн гранттар менен сыйланат.

Гранттын жалпы суммасы 5  миң. долларды ашпайт. Ал эми долбоордун жалпы суммасынын 10 пайызын Грант алуучу өзү камсыздоосу керек. 

Система Orphus
Добавить комментарий

Ваша эл. почта не будет опубликован. Обьязательные поля *

Комментарий не существует

Жарыялар

Внимание! ОТКРЫТ НАБОР НА 7 ПОТОК ОБЩЕСТВЕННОЙ ШКОЛЫ «ЮНЫЕ ЛИДЕРЫ КЫРГЫЗСТАНА».

Внимание! Объявляем набор на СУПЕР ПРОЕКТ Общественная школа «МЛК».

ВНИМАНИЕ!!!

Общественная школа "Молодые лидеры Кыргызстана" и ЮЛК

Кулактандыруу! Убакыт келди!

Внимание! Общественная школа «ЮНЫЕ ЛИДЕРЫ КЫРГЫЗСТАНА» IV поток

III Всемирный конкурс кыргызстанцев Акыл Тирек 2015

Внимание! Внимание! Внимание!

Көнүл бурунуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебине билдирүүлѳрдү кабыл алуу башталды.

Көнүл бурунуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебине билдирүүлөрдү кабыл алуу мөөнөтү узартылды.

25/06/2014 ж. саат 18:15 "Кыялымдагы Кыргызстан" долбоорунун 3-оюнун КТРКдан көрө аласыздар.

Кыялымдагы Кыргызстан 18.06.2014ж саат 18.20

Каржы сабаттуулугу боюнча коомдук лекция белгисиз бир убакытка жылдырылууда

"Коучинг. Уюштуруучулук консультациясы"

Обсуждение предстоящих мероприятий

Кѳңүл буруңуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин экинчи тандоосу башталды

Кыргызстандыктардын Экинчи Бʏткʏл дүйнөлүк «Акыл Тирек» жарышы

И12-апрель ишембилиги жылдырылды

Внимание! Внимание!!! Срочно!!! Срочно!!!

Конул бурунуз! "Кыялымдагы Кыргызстан" сынагына билдируулорду кабыл алуу узартылды

Жарыялар топтому

Патриотизм

маңкуртчулук жана кыргыз элинин территориялык маселелерине, улуттук тилге, тарых, маданият жана каада-салтттарына кайдыгерлик мамилени четке кагуу

Жаратмандык ишмердүүлүк

регионализм, радикализм, диний фанатизм жана улутчулдук кыймылдарын четке кагуу

Конструктивдүүлүк

максатсыз карама-каршылыктарга, кыйратуучу конкуренцияга каршы болуу;

Объективдүүлүк

каралоо, ушактоо, далилсиз маалыматтары жайылтуу жана ар кандай уюмдардын өз кызыкчылыгын көздөгөн максаттарынан алыс болуу

Профессионалдуулук

дилетантизм жана караңгы ойлорго каршы болуу

Нейтралдуулук

оппозиция жана пропозицияга бөлүнүүдөн алыс болуп, баары менен бирдей иштешүүгө даяр болуу

Өнөктөштөр

  • Радио Алмаз
  • Кыргызское радио
  • K-NEWS
  • KABAR.KG
  • МАРАЛ радио
  • Ош Шамы
  • Манас радио
  • РОСИНБАНК
  • БАКАЙ БАНК
  • ЭЛТР
  • ОТРК
  • Комитет Развития Исламской Экономики
  • Аргументы и Факты газетасы
  • радио Рекорд
  • Алиби
  • Асман пресс
  • Радио Азаттык
  • Эхо Манас
  • Манас Университети
  • Жаны агым
  • Айбат
  • Эркин тоо
  • Кереге
  • Турк эл
  • Заман
  • Жаны ордо
  • Газета
  • Саясат
  • Общественный Фонд
  • Центр развития человека САМО
  • Национальный институт стратегических исследований
  • Бир Дүйнө
  • Клуб частных инвесторов
  • Всемирный Банк
  • Финансовая компания
  • Хаятт Ридженси Бишкек
  • Человеческие ресурсы
  • Международный  журнал  «Деловой собеседник»
  • Центр Тренинга и Консалтинга
  • НАРЫН ИНФО
  • Ассоциация Развития Исламской Экономики, Финансов и Индустрии
  • “Sanatkg” культурно-общественный журнал
  • Журнал
  • Радио ОК
  • ВВС
  • Газета
  • Женский глянцевый журнал «Бишкекчанка»
  • Надёжный хостинг в Кыргызстане
  • Международная молодежная общественная организация «Содружество»
  • Министерство образования и науки КР
  • Центр развития Ала-Тоо