Биргелешкен долбоор “Кыялымдагы Кыргызстан – өлкөнүн өнүгүү модели”
Биргелешкен долбоор “Кыялымдагы Кыргызстан – өлкөнүн өнүгүү модели”
Прогрессивдүү Демилгелер Фонду, Коомдук Телерадио берүү Корпорациясы, “Акыл Тирек” сынагынын номинанты Гульзат Майчинова жана К.Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык Университети “Кыялымдагы Кыргызстан – өлкөнүн өнүгүү модели” атту телеоюн сынагын кыргыз элинин улуттук кыялын табууга жана анын мамлекеттин өнүгүү жолундагы маанисин ачып беруу, өлкөнүн өнүгүү моделин түзүү үчүн жаштар арасында жарыялоодо.
“Кыялымдагы Кыргызстан – өлкөнүн өнүгүү модели” сынагын уюштуруунун башкы максаты болуп жаштардын жаңычылдык менен айырмаланган, өзгөчө ой-жорумдагы, оң жактуу өзгөрүүлөрдү сунуштап киргизе алган идеялары аркылуу жана аларды инновациялык иш-чараларды, форматтарды жана технологияларды пайдалануу менен кыргыз элинин улуттук кыялын алып чыгуу жана мамлекеттин өнүгүү моделин түзүү. Кабыл алынган конкурстук иштердин ичинен эң мыкты 3 долбоорлорду алып чыгуу, аларды телереалити-шоу аркылуу коомго тартулоо жана ишке ашырууга түрткү берүү.
К.КАРАСАЕВ атындагы БИШКЕК ГУМАНИТАРДЫК УНИВЕРСИТЕТИ (БГУ) -1979-жылы курулган гуманитардык багыттагы жогорку окуу жайы. Бүгүнүкү күндө университет баардык деңгээлде жана билим берүү формада иштейт: ЖОЖго чейинки даярдык, ортоңку, жогорку жана ЖОЖдон кийинки профессиональдык билим берүү, аспирантура жана докторантура. Университеттин курамында 2 институт, 9 факультет, 37 кафедра, 11 илимий бөлүмдөрү иштейт. Лицензиялуу багыттардын жана адистиктердин саны 47 ден ашуун.Университет тарабынан коюлган окутуу программаларды аткаруу үчүн жыл сайын 500 дөн ашык мугалим тартылат. БГУнун максаты билимдин жана илимдин эң мыкты салттарынын негизинде жогорку квалификациялуу адистерди заманбап жетишкендиктердин жана жогорку профессионалдык билим берүүдөгү эл аралык тажрыйбаны эсепке алуу менен сапаттуу даярдоо.
Коомдук Телеберүү Корпорациясы. Корпорациянын тарыхы 1931-жылдан башталат. Уюткулуу кыргыз калкына радио жөнүндө түшүнүк өткөн кылымдын 20-жылдарында пайда болуп, жер-жерлерде алгачкы радиотүйүндөр орнотула баштаган.
2010-жылы 7-апрель окуясынан кийин корпорациянын жетекчилигине Убактылуу өкмөт тарабынан Кубат Оторбаев келип, корпорация элдин мурдатан коюп келген талабы менен Кыргыз Республикасынын коомдук телерадиоберүү корпорациясы болуп өзгөртүлүп, Кыргыз Республикасынын президенти бул жарлыкка кол койгон. Ошол жылы жайында КТРКнын Байкоочу кеңеши шайланган жана курамы 15 кишиден турган Байкоочу кеңештин төрагалыгына Эльвира Сариева шайланган. Корпорациянын жетекчилигине конкурс жарыяланып, 2010-жылдын 3-декабрында 18 талапкер арасынан жеңишке жеткен Оторбаев Кубат Табылдыевич Байкоочу кеңеш тарабынан 5 жылдык мөөнөткө КТРКнын башкы директору болуп шайланган. Учурда корпорацияда эки теле канал ("КТРК", "Музыка") бар, КТРКнын курамында "Ала-Тоо" маалымат борбору, “Замана” студиясы, “Ибарат” студиясы, Жаштар редакциясы, Социалдык-экономикалык программалар редакциясы, “Дөөлөт” студиясы, “Келечек” студиясы бар. Ошондой эле, КТРКнын “Кыргыз радио бирикмесинде” 5 радио иштеп жатат. Алар: “Биринчи радио”, “Кыргыз радиосу”, “Миң кыял FM", “Түнкү белес" жана “Балдар ФМ” радиолору. Корпорациянын курамында Республикалык радиотеле борбор, "Кыргызтелефильм" студиясы бар.
Добавить комментарий