2013-жылдын май жана июнь айларында краудсорсинг-платформасындагы талкуоолор боюнча Кой-Таш отелинин конференц-залында эки тегерек столдор уюштурулуп, жумушчу топтор түзүлдү.
2013-жылдын май жана июнь айларында краудсорсинг-платформасындагы талкуоолор боюнча Кой-Таш отелинин конференц-залында эки тегерек столдор уюштурулуп, жумушчу топтор түзүлдү.
Тегерек столдорго активдүү краудсорсерлер, эксперттер, мамлекеттик иш-каналардын жана ЖОЖдун өкүлдөрү катышып, Улуттук краудсорсинг-платформасындагы активдүү темалар боюнча идеялар жана сунуштар талкууга алынды. Тегерек столдордогу отурумдардын жыйынтыгында төмөндөгү темалар боюнча Коомдук документтерди даярдоо үчүн жумушчу топтор түзүлдү:
1. Мамлекет жана ишкердик ортосундагы кызматташтык
2. Евразиялык интеграция. Бажы союзу. Он жана терс жактары, оптималдуу интеграция.
3. Жарандык платформа: Коомдогу терс көрүнүштөрдү жеңип чыгуу жолдору
Тегерек столдордун катышуучулары жумушчу топтор тарабынан иштелип чыккан Коомдук документтер тиешелүү органдарга жетип, конкреттүү закон чыгаруучу жана аткаруучу бийлик тараптан иш планы, баалуу сунуш катары татыктуу көңүл бурулат деген ишеничте. Коомдук документтерди иштеп чыгуу үчүн Фонд тарабынан жумушчу топторго акчалай сыйлыктар берилип, иш алып баруу үчүн бардык шарттар түзүлүп берилди. Ошондой эле жумушчу топтордун отурумдарында алардын талабы боюнча жогорудагы темаларга тиешелүү тармактагы адистер, эксперттер, бизнес өкүлдөрү Коомдук документти даярдоодо баалуу информация, сунуш, пикир алуу үчүн ишке тартылды.
Добавить комментарий