“Мамлекет жана ишкердик ортосундагы кызматташтык” боюнча жумушчу тобунун кеңейтилген отуруму болуп өттү
“Мамлекет жана ишкердик ортосундагы кызматташтык” боюнча жумушчу тобунун кеңейтилген отуруму.
2013-жылдын 28-июнунда сат 15:00 до Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун офисинде “Мамлекет жана ишкердик ортосундагы кызматташтык” боюнча жумушчу тобунун кеңейтилген отурум болуп өттү. Отурумга КР Экономика министрлигинин, Финанасы министрлигинин, Транспорт жана Коммуникация министрлигинин, мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун, Бишкек шаарын өнүктүрүү агенствосунун, Азият Банк өнүктүрүүсүнүн, Соода-өнөржай палатасынын, “ЖИА” жаш өндүрүрүүчүлөр ассоциациясынын, жеңил- өнөржай ассоциациясынын, КМЮА, Кыргыз Экономикалык Университетинин өкүлдөрү катышышты. Күн тартибине төмөндөгү маселелер коюлду: 1) Отурумдун катышуучуларына “Мамлекет жана ишкердик ортосундагы кызматташтык өнүктүрүүнүн концепциясы” аттуу Коомдук документтин эскизин презентациялоо. 2) Коомдук документтин презентациясы боюнча эксперттик ойлор-сунуштар.
Фонддун алгачкы жолу мамлекеттик органдар менен Мамлекет жана ишкердик ортосундагы кызматташтык боюнча диалог жүргүзүп, алардын ойлорун угуп, маалыматтар менен бөлүшүшү уникалдуу жыйын болду десек жаңылышпайбыз.
Отурумду Фонддун башкы мүдүрү Жумадилов Амангелди Жумадилович ачып берди. Башкы мүдүр өзүнүн сөзүндө Фонд жазаган иштер мамлекет жана жеке ишкерлер ортосундагы көпүрө болоорун жана алгачкы иш аракеттерининин бүгүн көрсөтүлүшүн, ошондой эле 2013-жылдын 19-июлунда Коомдук документтерди мамлекетке сунуштоо үчүн Форум өтөөрүн айтып өттү.
Жумушчу топтун жетекчиси Орозбаев Кылыч Орозбаевич бүгүнкү жолугуушунун башкы максаты иштелип жаткан Коомдук документ боюнча эксперттик ойлорду угуу, мамлекет жана ишкердик ортосундагы кызматташтык боюнча көйгөйлүү маселелерди талкулоо, мамлекеттик органдар менен конструктивдүү диалог түзүү экендигин баса белгилеп өтүп, Коомдук документтин эскизинин түзүлүшүн айтып берди.
Жогорудагы түзүлүшү боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү Алкадырова Ч., Турдалиева А., Абдиева Р., Омурбекова М., Нажимудинова С., Мурзаева К., Коомдук документти презентациалашты.
Отурумдун катышуучулары Фонддун иштерине оң бааларды берип, колдоорун билдиришти. Жаш ишкерлер ассоциациясынын комиссиясынын мүчөсү Абакиров Э.К Фонддун “Акыл Кубаты” программасынын алкагында иштелип жаткан Коомдук документтердин өзгөчөлүгүн белгилеп, мамлекет жана бизнес-ассоциациялар тарабынан да уюмдаштарды кошууну сунуштады.
Презентациянын акырында чакырылган эксперттер Коомдук документтин кээ бир учурлары боюнча өз ойлорун билдирип, жумушчу топтор менен маалымат бөлүшүп, биргеликте иштешүүнү сунушташты. Жумушчу топтун мүчөлөрү эксперттердин ар бир суроосуна кылдааттык менен жооп беришип конструктивдүү маек курулду.
Жыйынтыктап айтканда бул жолугушуу мамлекет жана ишкерлер ортосундагы кызматташтыктагы көйгөйлүү маселелрди талкулоого жана жакшыртуу үчүн көптөгөн пайдалуу маалыматтар менен алмашууга өтө пайдалуу болду десек жаңылышпайбыз. Эң негизгиси мындай жакшы иш үчүн мамлекеттин коом менен биргеликте иш алып баруу ниети бар экенин көрө алдык.
Добавить комментарий