Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунда “Кыргыз Республикасында айыл чарбасын инновациялык өнүктүрүүнүн кɵйгөйлөрү жана келечектери” деген темада Прогрессивдүү Демилгелер Фондусунун катышуусу менен тегерек үстөл өттү
2013-жылдын 9-сентябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын алдындагы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду “Кыргыз Республикасында айыл чарбасын инновациялык өнүктүрүүнүн кɵйгөйлөрү жана келечектери” деген темада Прогрессивдүү Демилгелер Фондусунун катышуусу менен тегерек үстөл өттү.
Подробности
Тегерек столдун ишине ойлоп табуучулар, айыл чарба жана мелиорация министрлигинин, бизнес коомчулугунун, эл аралык уюмдардын, жогорку окуу жайларынын, илим-изилдөө институттарынын жана борборлорунун өкүлдөрү катышышты.
Тегерек столдун ишине ойлоп табуучулар, айыл чарба жана мелиорация министрлигинин, бизнес коомчулугунун, эл аралык уюмдардын, жогорку окуу жайларынын, илим-изилдөө институттарынын жана борборлорунун өкүлдөрү катышышты.
Тегерек столдун чегинде Кыргыз Республикасында айыл чарбасын инновациялык өнүктүрүүнүн, инновациялык долбоорду ишке киргизүүнүн, илимий иштеп чыгууларды коммерциялаштыруу, учурдагы көйгөйлөрдү табуу жана аны чечүүнүн жолдорун изилдөө маселелери талкууланды. Ошондой эле Кыргызстандын ойлоп табуучуларынын иштеп чыгуулары менен таанышышты.
Ушул тапта айыл чарбасында бир катар көйгөйлөр бар экендигин тегерек столдун катышуучулары белгилешти. Алсак алар: жер кыртышынын бузулушу, түшүмдүүлүктүн төмөндөшү, күйүүчү жана майлоочу материалдардын чектелүүлүгү, алыскы региондордун электр энергиясы менен жетишсиз камсыз болушу, минералдык жер семирткичтердин жана күйүүчү жана майлоочу материалдарды кымбат болушу, курчап турган айлана чөйрөнүн бузулушу.
Жогоруда айтылган маселелерди чечүү боюнча бир катар ой-пикирлер, сунуштар айтылды. «ФЛЮИД» коомдук фондунун директору А.Веденеев ушул жана башка маселелерди чечүү үчүн биогаз жабдууларын өндүрүшкө киргизүүнү сунуштады.
Ал мындай жабдууларды ишке киргизүү практикада өзүн актагандыгын, натыйжалуу жыйынтык бергендигин белгиледи. Бирок, ушул тапта айыл жашоочулары үчүн жана насыя каражаттарынын тартыштыгы ушундай жабдууларды кеңири колдонууга мүмкүнчүлүк бербей жатат.
Тегерек столдун ишине «Акыл тирек» бүткүл дүйнөлүк конкурсунун катышуучулары техника илиминин кандидаты, Кыргыз улуттук агрардык университетинин доценти Р.Касымбеков, ушул эле университеттин профессору, техника илиминин доктору Ы.Осмонов катышты. Р.Касымбеков «Илимий иштеп чыгууларды коммерциялаштыруу моделинин» бет ачарын өткөрдү жана жогорку окуу жайларында коммерциялаштыруунун технологиялык офисин түзүүнү сунуштады.
Тегерек столдун катышуучулары жогоруда айтылган маселелерди чечүүнү камтыган резолюция кабыл алышты:
1. Инвестициялык жаңы шартты түзүүнү камсыз кылуу, инфраструктураны өнүктүрүү, Кыргызпатентке жана Айыл чарба жана мелиорация министрлигине айыл чарбасындагы инновациялык ишти колдоо боюнча сунуштарды киргизүү;
2. Мамлекеттин жана бизнес чөйрөсүнүн биргелешип аракеттенүүсүнүн жана сүйлөшүүлөрүн камсыз кылуу үчүн такай аракеттеги аянтты түзүү;
3. Өнүктүрүүнүн стратегиясын жана программасын иштеп чыгууга агрардык сектордун өкүлдөрүн, окумуштууларды жана ойлоп табуучуларды активдүү катыштыруу;
4. Инновациялык ишти активдештирүү жана колдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш даярдоо;
5. Ата мекендик иштеп чыгуучуларды жана товарларды конкуренттүүлүгүн жогорулатууну камсыз кылуу максатында ойлоп табуучулардын жана новаторлордун аракеттерин келечектүү техникалык чечимдерди иштеп чыгууга багыттоо;
6. Иштеп чыгуулар менен ишканалардын жана бирикмелердин кызматташуусун жакшыртуу;
7. Инновациялык иштерди массалык маалымат каражаттарында такай чагылдырып туруу.
Добавить комментарий