Наверх
  • 0 (312) 620921

Жарыялар

Кѳңүл буруңуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин экинчи тандоосу башталды

Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун негиздөөчүсү Салымбеков Аскар Мааткабыловичтин демилгеси менен Кыргыз Республикасынын жаштарына «Кыргызстандын жаш лидерлери - 2014» коомдук мектебинен акысыз кошумча билим алууга мүмкүнчүлүк түзүлүүдө.

�м�

Фонд социалдык маанилүү «Кыргызстандын жаш лидерлери - 2014» долбоорун баштап жатат.  Мектеп үзгүлтүксүз билимдүү, жоопкерчиликтүү, өз алдынча өнүгө ала турган жаштарды жана болочок лидерлерди тарбиялоо менен атайын команда түзүү, мамлекеттин жаңы жаркын келечегине салым кошуу.

Төмөнкү милдеттерди аткаруу алдыда турат:

Жигердүү жана таланттуу жаштарга кошумча билим алуусуна, баалуу маалыматтарга ээ болуусуна жана тажрыйбасын арттырууга шарт түзүү. Ой-жүгүртүү жана өз мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу менен адамдык капиталды жогорулатууга жол баштоо. 

Жаштардын өз билимин жана маданий, руханий, нравалык өнүгүүгө болгон умтулуусуна мотивация берүү.

Жогорудагы жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн ачууга жана аларды практикада колдонууга шарт түзүү менен мамлекеттин жаркын жаш элитасын түзүүгө салым кошуу.

Жаштардын интеллектуалдык, чыгармачыл жана башка патенциалын стратегиялык демилгелерди ишке ашыруу үчүн колдонуу, актуалдуу маселелерди чечүү менен мамлекеттин политикалык, коомдук-экономикалык системасынын модернизациялануусуна салым кошуу.

Коомдук мектептин программасы

Алгачкы тандалган 100 балага 2014-жылдын сентябрь айынан тартып, декабрь айына чейин 3 ай бою 12 практикалык жана пайдалуу жумаларда 144 мотивациялык, аналитикалык, интеллектуалдык, бизнес тренинг, жолугушууларда болууга шарт түзүлөт. Тактап айтканда,  6 мотивациялык, жалпы жана группалык тренингдер, алдыңкы адис жана профессионалдуу тренерлерден 6 профессионалдык семинарлар, мастер класстар, 12 бизнес компания, мамлекттик эмес уюмдарга, мамлекеттик органдарга экскурсия уюштуруу, ийгиликке жетишкен инсандар менен кеминде 12 жолугушуу мүмкүнчүлүгүн берүү программанын негизин түзөт. 

Мектепке катталуунун шарттары:

Катышуучулар

  • Коомдук мектепке Кыргыз  Республикасынын 25 жашка чейинки жаштары катыша алат. Кыргыз Республикасынын ЖОЖларынын бүтүрүүчүлөрү, магистранттар, аспиранттар жана башка жаштар  конкурстук тандоонун негизинде мектепке катышуучу боло алат.
  • Ал эми студенттик кеңештин башчыларынын билдирмелери биринчи кезекте каралат.

      Конкурска катышуу үчүн www.fpi.kg сайтынан, Долбоорлор – Кыргызстан жаш Элитасы – Коомдук мектеп – документти сунуштоо, билдирмени көчүрүп алуу деп, 10-сентябрь 2014- жыл, саат 18:00гө чейин жөнөтүү зарыл.

Тандоо

1 этап: таржымалды берүү/ атайын билдирме формасын толтуруу жана электрондук формада  www.fpi.kg  сайтына, Долбоорлор – Кыргызстан жаш Элитасы – Коомдук мектеп бѳлүмүнѳ киргизүү.

2 этап: тандалган талапкерлер менен жолугушуу.

Талаптар

Окуусу ийгиликтүү, ар түрдүү программа, конкурс, проекттер жана коомдук акцияларга катышуусу, жеке жарандык позициясы, уюштуруучулук жана аналитикалык ой-жүгүртүүсү, инсандык сапаттарынын, туура амбицияларынын, максаттуу болушу сөзсүз эске алынат.

Мектептин бүтүрүүчүлөрү

Мектептин бүтүрүүчүсү иш-чара жана сабактарга активдүү катышкан, жакшы сунуш жана бааларга ээ болгон гана балдар болмокчу.

Аларга жылдын аягында сертификаттар жана окуунун акырында жумуш менен камсыздоочулар тууралуу маалымат алып, жумуш рыногунун толук абалын көрүп, жаңы байланыштарга ээ болуп, иш-чараларды өткөрүү боюнча, жеке долбоорун жазуу боюнча, аларды ишке ашыруу боюнча кошумча билим алып, коллективдүү чечим кабыл алууга да билимге ээ болуп, конкуренттүү кадрлар болуп чыга келишет.

Мындан сырткары бүтүрүүчүлөр белгилүү бир компанияда стажировка өтүүгө мүмкүнчүлүк алат.

Толук маалымат жана катышууга билдирүү толтуруу Фонддун сайтында www.fpi.kg,  ошондой эле байланыш телефону : 0312 690543, 690667, 690547.

Система Orphus
Добавить комментарий

Ваша эл. почта не будет опубликован. Обьязательные поля *

Комментарий не существует

Жарыялар

Внимание! ОТКРЫТ НАБОР НА 7 ПОТОК ОБЩЕСТВЕННОЙ ШКОЛЫ «ЮНЫЕ ЛИДЕРЫ КЫРГЫЗСТАНА».

Внимание! Объявляем набор на СУПЕР ПРОЕКТ Общественная школа «МЛК».

ВНИМАНИЕ!!!

Общественная школа "Молодые лидеры Кыргызстана" и ЮЛК

Кулактандыруу! Убакыт келди!

Внимание! Общественная школа «ЮНЫЕ ЛИДЕРЫ КЫРГЫЗСТАНА» IV поток

III Всемирный конкурс кыргызстанцев Акыл Тирек 2015

Внимание! Внимание! Внимание!

Көнүл бурунуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебине билдирүүлѳрдү кабыл алуу башталды.

Көнүл бурунуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебине билдирүүлөрдү кабыл алуу мөөнөтү узартылды.

25/06/2014 ж. саат 18:15 "Кыялымдагы Кыргызстан" долбоорунун 3-оюнун КТРКдан көрө аласыздар.

Кыялымдагы Кыргызстан 18.06.2014ж саат 18.20

Каржы сабаттуулугу боюнча коомдук лекция белгисиз бир убакытка жылдырылууда

"Коучинг. Уюштуруучулук консультациясы"

Обсуждение предстоящих мероприятий

Кѳңүл буруңуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин экинчи тандоосу башталды

Кыргызстандыктардын Экинчи Бʏткʏл дүйнөлүк «Акыл Тирек» жарышы

И12-апрель ишембилиги жылдырылды

Внимание! Внимание!!! Срочно!!! Срочно!!!

Конул бурунуз! "Кыялымдагы Кыргызстан" сынагына билдируулорду кабыл алуу узартылды

Жарыялар топтому

Патриотизм

маңкуртчулук жана кыргыз элинин территориялык маселелерине, улуттук тилге, тарых, маданият жана каада-салтттарына кайдыгерлик мамилени четке кагуу

Жаратмандык ишмердүүлүк

регионализм, радикализм, диний фанатизм жана улутчулдук кыймылдарын четке кагуу

Конструктивдүүлүк

максатсыз карама-каршылыктарга, кыйратуучу конкуренцияга каршы болуу;

Объективдүүлүк

каралоо, ушактоо, далилсиз маалыматтары жайылтуу жана ар кандай уюмдардын өз кызыкчылыгын көздөгөн максаттарынан алыс болуу

Профессионалдуулук

дилетантизм жана караңгы ойлорго каршы болуу

Нейтралдуулук

оппозиция жана пропозицияга бөлүнүүдөн алыс болуп, баары менен бирдей иштешүүгө даяр болуу

Өнөктөштөр

  • Радио Алмаз
  • Кыргызское радио
  • K-NEWS
  • KABAR.KG
  • МАРАЛ радио
  • Ош Шамы
  • Манас радио
  • РОСИНБАНК
  • БАКАЙ БАНК
  • ЭЛТР
  • ОТРК
  • Комитет Развития Исламской Экономики
  • Аргументы и Факты газетасы
  • радио Рекорд
  • Алиби
  • Асман пресс
  • Радио Азаттык
  • Эхо Манас
  • Манас Университети
  • Жаны агым
  • Айбат
  • Эркин тоо
  • Кереге
  • Турк эл
  • Заман
  • Жаны ордо
  • Газета
  • Саясат
  • Общественный Фонд
  • Центр развития человека САМО
  • Национальный институт стратегических исследований
  • Бир Дүйнө
  • Клуб частных инвесторов
  • Всемирный Банк
  • Финансовая компания
  • Хаятт Ридженси Бишкек
  • Человеческие ресурсы
  • Международный  журнал  «Деловой собеседник»
  • Центр Тренинга и Консалтинга
  • НАРЫН ИНФО
  • Ассоциация Развития Исламской Экономики, Финансов и Индустрии
  • “Sanatkg” культурно-общественный журнал
  • Журнал
  • Радио ОК
  • ВВС
  • Газета
  • Женский глянцевый журнал «Бишкекчанка»
  • Надёжный хостинг в Кыргызстане
  • Международная молодежная общественная организация «Содружество»
  • Министерство образования и науки КР
  • Центр развития Ала-Тоо