Кыргызстандыктардын Экинчи Бʏткʏл дүйнөлүк «Акыл Тирек» жарышы
Кыргызстандыктардын Экинчи Бʏткʏл дүйнөлүк «Акыл Тирек» жарышы
Прогрессивдүү Демилгелер Фонду «Кыргызстандын идеялык картасы» долбоорунун алкагында Кыргызстандыктардын экинчи Бʏткʏл дүйнөлүк «Акыл Тирек» жарышын уюштурууда. Катышуучулар арасынан өнүгүүнүн жаңыча жолун сунуштагандар, жаңылануу менен мамиле кылгандар, өлкөнүн орчундуу маселелерин чечүүдө өзгөчөлөнгөн таасирдүү идея жана сунуштарды бере алгандар тандалат.
Мамлекеттеги жана коомдогу чечилбей жаткан кɵптɵгɵн маселелерди эске алуу менен атайын тɵрт багыт тандалган: экономика (толугу менен бир көйгөйдү чечүүгө арналган), мамлекеттик башкаруу (административдик-аймактык түзүлүш, кадрдык саясат, мамлекеттик мекемелердин иш процесстерин оптимизациялоо, коррупцияны жоюу, ж.б.), социалдык долбоорлор (билим берүү, маданият, даарылоонун сапаты жана жеткиликтүүлүгү, соцалдык инфраструктуранын өнүгүүсү, эне жана баланы коргоо, социалдык ишмердүүлүктү жайылтуу, ж.б.) жана илимий -техникалык долбоорлор жана аны турмушта колдонуу.
Конкурстун максаты - ɵзүбүздүн акылмандарыбыздын асыл ойлорун жана баа жеткиз эмгектерин баалап, даңазалоо менен мамлекетибизде идеялык чоң бурулушка түрткү берүү, ири ɵзгɵрүүлɵргɵ негиз боло турган улуттук акыл казынабызды куруу болуп саналат.
“Акыл Тирек” наамы – бүгүнкү Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу стратегиялык изилдөөлөр жана жаңылануу жаатындагы алгачкы наам катары уникалдуу иштердин өнүгүшүнө түрткү берет.
Конкурстук иштер 2014-жылдын 1-майынан 1-августуна чейин кабыл алынат. Жарыштын байге фонду – 500 000 сомдон ашык.
Конкурска 23 жаштан жогорку Кыргыз Республикасынын жарандары жана чет өлкөдө жашаган мекендештер катыша алышат. Кыргыз Республикасынын резидент жана резидент эмес уюмдарынын жана мекемелеринин атынан жооптуу адамдар катыша алышат.
Тел.: +996 312 690547, +996 312 690667, +996 312 690546, (0770) 057005
Электрондук почта: fpi.kg@mail.ru
Добавить комментарий