МАРАЛ РАДИО
ОФ «Фонд Прогрессивных Инициатив» выражает благодарность за информационную поддержку!
«Марал ТВ» теле-радио берүү компаниясы 2010-жылдын 20-сентябрында юридикалык каттоодон өткөн. 2011-жылдын 11-декабрынан тарта компаниянын алдында “Марал” радиосу түзүлүп, 2012-жылдын январь айынан баштап 24 саат тынымсыз уктурууларын баштады. Негизинен төрт багытта: маалымат, тил, маданият жана адеп-ахлак жаатында эфирге чыгууда. Угармандарыбыз үч класстан турат: “А” классындагы угармандарга маалыматтык берүүлөр, “Б” классына агартуучулук, “В” классына көңүл ачуучу программалар даярдалууда:
• Маалымат бөлүмү: Саат башы жаңылыктар, Кабар даамында, Саясаттан сырткары, Күндүн лидери, Күн чекит, Гезит бети, 7/24, Дүйнөлүк жаңылыктар, Спорт маек.
• Агартуучулук бөлүмү: Акыйкат таразасы, Эко-майдан, Дабагер, Мезгил жаштары, Ыйман жан дүйнө азыгы, Боз үйдөгү рандеву, 7 дубан, Чек арада жашоо, Элим барсыңбы?.
• Көңүл ачуу бөлүмү: Маралдын короздору, СМС куттуктоо, Эстен кеткис эски ырлар, Өнөр керемети, Ой-күлүк, Ыр белек, Туулган күнүңүз менен программалары.
Аймактарда Ош – 95.3, Жалал-Абад – 95.3, Ысык-Көл – 105.5, Талас – 106.1, Нарын – 106.3 жыштыгында обого чыгууда. 2013-жылдан тарта интернет аркылуу онлайн уктуруусун улантып келет. «Марал ТВ» теле-радио берүү компаниясынын негизги максаты: маалыматты тарапсыз, өз убагында коомго так жана далил менен жеткирүү, элдин биримдигин, улуттар арасы ынтымакты чыңдоону, уюмдар арасы кызматташууну көздөйт.
ОФ «Фонд Прогрессивных Инициатив» выражает благодарность за информационную поддержку!
Добавить комментарий