"КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАШ ЛИДЕРЛЕРИ" КООМДУК МЕКТЕБИНИН ЖОБОСУ
Жаштардын өз билимин жана маданий, руханий, нравалык өнүгүүгө болгон умтулуусуна мотивация берүү. Жогорудагы жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн ачууга жана аларды практикада колдонууга шарт түзүү менен мамлекеттин жаркын жаш элитасын түзүүгө салым кошуу.
«Кыргызстандын жаш лидерлери»
Коомдук мектеби
Мектеп миссиясы – үзгүлтүксүз билимдүү, жоопкерчиликтүү, өз алдынча өнүгө ала турган жаштарды жана болочок лидерлерди тарбиялоо менен атайын команда түзүү, мамлекеттин жаңы жаркын жаш элитасын түзүүгө жеке салым кошуу.
Мектеп статусу – «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектеби» «Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун» атайын илим долбоору болуп саналат. Татыктуу муунду тарбиялоо жана түзүү үчүн багытталат.
Милдеттер:
- Жигердүү жана таланттуу жаштарга кошумча билим алуусуна, баалуу маалыматтарга ээ болуусуна жана тажрыйбасын арттырууга шарт түзүү. Ой-жүгүртүү жана өз мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу менен адамдык капиталды жогорулатууга жол баштоо.
- Жаштардын өз билимин жана маданий, руханий, нравалык өнүгүүгө болгон умтулуусуна мотивация берүү.
- Жогорудагы жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн ачууга жана аларды практикада колдонууга шарт түзүү менен мамлекеттин жаркын жаш элитасын түзүүгө салым кошуу.
- Жаштардын интеллектуалдык, чыгармачыл жана башка патенциалын стратегиялык демилгелерди ишке ашыруу үчүн колдонуу, актуалдуу маселелерди чечүү менен мамлекеттин политикалык, коомдук-экономикалык системасынын модернизациялануусуна салым кошуу.
Мектептин ишмердүүлүк багыттары:
Илимий агартуу ишмердүүлүк:
Бул багыт Фонд тарабынан түзүлгөн атайын илимий тарбиялоочу жана агартуучу программанын негизинде ишке ашат. Туура тарбия жана кошумча билим алууларына шарт түзүү болуп саналат.
Бул программа жаштардын аталган патенциалын дагы да арттыруу үчүн багытталган.
Атайын программа ар тармактуу сабактардан турат. Алар Фонд жана башка мектеп, курстар тарабынан ишке ашырылат. Бул сабактар жалпысынан 5 тармакка бөлүнөт:
1. Практикалык сабактар. Бул сабактар мамлекеттин алдыңкы мекеме, ишканаларына болгон профессионалдуу экскурсия жана маданий, мамлекеттик, тарыхый жерлерге баруу мүнөзүндө болуп, өз көзү менен алдыңкы ишканалардын жаңы менеджментин, кадр жана коомдук политикасын көрүүгө шарт түзөт. Күн сайынколдонуп келген нерселердин жасалышы тууралуу так маалымат алуу жана көрүү. Практикалык сабактар 3 түргө бөлүнөт:
· Экскурсия - Инновациялык Кыргызстан. Мектептин катышуучулары мамлекеттеги эң алдыңкы жана ийгиликтүү иштеп жаткан компаниялар менен түздөн-түз таанышууга мүмкүнчүлүк алышат.
· Экскурсия – Прогрессивдүү Кыргызстан. Мектептин катышуучулары мамлекеттеги эң алдыңкы жана ийгиликтүү иштеп жаткан коомдук инстит жана эл аралык уюмдар менен таанышып чыгышат.
· Экскурсия - «Биздин мамлекет». Мектептин катышуучулары мамлекеттин парламенти, өкмөтү жана башка мамлекеттик мекемелер менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышат.
2. Мотивациялык сабактар. Ар тараптуу тренингдер адамдын касиеттерин ачууга жардам берет. Инсандык сапаттарды психологиялык жактан өнүктүрүүгө жардам берүүчү тренингдер төмөнкүчө бөлүнөт:
· Финансылык сабаттуулук жана өз алдынча иштеп кетүү.
· Оратордук искусство жана маек куруунун ыкмалары.
· Психологиялык өнүгүү боюнча башка тренингдер.
3. Профессионалдуу лекциялар жана семинарлар. Белгилүү илимпоз, эксперт, коомдук ишмер, бизнесмен жана компетентүү мамлекеттик ишмерлердин профессионалдуу лекциялары мектептин катышуучуларына мамлекеттеги жалпы жана актуалдуу маалыматтардан кабардар болууга, кошумча билим алууга, мамлекеттин политикасын билүүгө жакшы өбөлгө түзөт. Лекциялар төмөнкү багыттардан берилмекчи:
· Мамлекеттик саясат жана мамлекеттик башкаруу боюнча лекциялар
· Ишкердик жана менеджмент боюнча лекциялар
· Мамлекеттеги актуалдуу маселелер боюнча лекциялар
· Тарых боюнча лекциялар
· Кыргызстандын экономикасы боюнча лекциялар
· Дүйнөлүк финансылык система боюнча лекциялар
· Геополитика жана дүйнөлүк тенденциялар боюнча лекциялар
· Белгилүү инсандар боюнча лекциялар
4. Пайдалуу сабактар, мамлекеттеги белгилүү жана абдан кызыктуу адамдар менен жолугушуу жана таанышуу, аларга суроолорду узатуу жаштарга стимул берип, төмөнкү түрлөргө бөлүнөт:
· Официалдуу жолугушуулар (президент, премьер-министр, спикер жана бакшалар менен жолугушуу)
· Чыгармачыл жолугушуулар (маданият жана искусствонун адамдары менен жолугушуу)
· Идеологиялык жолугушуулар (тарыхый инсан жана талантту мамлекеттик ишмерлер менен жолугушуу)
Илимий агартуучу ишмердүүлүк
Фонд тарабынан түзүлгөн атайын интеллектуалдык “Кыялымдагы Кыргызстан – өлкөнүн өнүгүү модели” аттуу конкурс болуп саналат. Илимий, аналитикалык изденүүгө үгүттөө жарышы болмокчу.
Конкурстун максаты мектептин катышуучуларынын өз жана мектепте өздөштүрүлгөн билимине таянып, аналитикалык ой-жүгүртүүсү менен өз кыялдарын проектке түшүрүп, мамлекеттин келечегине болгон көз карашын реалдаштырууга жардам берүү болуп саналат.
Мектепке кабыл алуунун шарттары
Катышуучулар
Коомдук мектепке Кыргыз Республикасынын 25 жашка чейинки жаштары катыша алат. Кыргыз Республикасынын ЖОЖларынын бүтүрүүчүлөрү, магистранттар, аспиранттар жана башка жаштар конкурстук тандоонун негизинде мектепке катышуучу боло алат. Ал эми студенттик кенештин башчылары конкурссуз мектепке катталат.
Талаптар
Окуусу ийгиликтүү, ар түрдүү программа, конкурс, проекттер жана коомдук акцияларга катышуусу, жеке жарандык позициясы, уюштуруучулук жана аналитикалык ой-жүгүртүүсү, инсандык сыпаттарынын, туура амбицияларынын, максатуу болушу сөзсүз эске алынат.
Тандоо
1 этап: таржымалды берүү/ атайын билдирме формасын толтуруу жана электрондук формада www.fpi.kg сайтына киргизүү.
2 этап: тандалган талапкерлер менен жолугушуу
Мектепке кабыл алуу датасы жана катышуучулардын саны жыл сайын алмаштырылып турат. Ал эми окуу мөөнөтү бирирчи каттамга 3 ай, марттан тартып июнь айына чейинки убакыт.
Программа
Жалпысынан 2014-жылдын март айынан тартып, июнь айына чейин 3 ай бою 12 практикалык жана пайдалуу жумаларда 144 мотивациялык, аналитикалык, интеллектуалдык тренинг, сабак, жолугушууларда болууга шарт түзүлөт.
1. Жергиликтүү 12 ийгиликтүү компания жана ишканаларга сапар алып, экспедицияга катышышат. Бул алдыңкы компаниялар: 4 ар башка тармактагы бизнес компания; 4 мамлекеттик мекеме; 4 эл аралык уюм же мамлекеттик эмес уюм, коммерциялык эмес уюм ж.б.
2. 6 ар түрдүү тема боюнча 24 сабак-тренингдерди угуп, сертификаттарга ээ болушат.
3. Өз тармагындагы мыкты адистерден жана белгилүү профессионалдардан 6 лекцияны угушат;
4. Мамлекеттеги ийгиликке жетишкен алдыңкы 6 инсан менен жолугушуулар;
5. Мектептин ичиндеги сабактар: чоң дискуссиялар, группалык дебаттар, конкурстар жана интеллектуалдык оюндар.
Коомдук мектептин бүтүрүүчүлөрү
Ар бир бүтүрүүчү өз ысымдары жазылган сертификаттарга ээ болушат.
Бардык сабактарга, иш-чараларга жигердүү катышып, жогорку ба ажана пикирлерге ээ болгондор гана татыктуу бүтүрүүчү боло алышат.
Демек, «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектеби Коомдук Фонд «Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун» атайын долбоору жана илимий программасы болуп саналат. Бул долбоор татыктуу, билимдүү жаштардын муунун тарбиялоого жана өстүрүүгө багытталып, окуу программасы боюнча ар бир лидердин өз мүмкүнчүлүктөрүн ачууга, кошумча билим алууга шарт түзүп, профессионалдуулук жана жеке өзүнүн өсүүсүн арттырат.
Добавить комментарий