Кыргызстандын мыкты Журналистерине “Акыл Тирек” наамын тапшыруу аземи
Баарыбызга белгилүү болгондой, ар кайсы тармактарда терең изилдөөлөрдү жүргүзүп, мамлекетке пайдалуу сунуштары менен кеңештерин берип келген же бере ала турган, өлкөбүздө илимдин өнүгүшүнө салым кошуп жаткан жаш акылмандарыбыздын эмгегин баалоо үчүн аларга “Акыл Тирек” наамын ыйгарып жана “Акыл Тирек” китебине киргизүү менен моралдык жактан колдоону да алып баруудабыз.
Прогрессивдүү Демилгелер Фонду жана Кыргыз Республикасынын Коомдук Телерадиоберүү Корпорациясы биргелешкен долбоору.
Баарыбызга белгилүү болгондой, ар кайсы тармактарда терең изилдөөлөрдү жүргүзүп, мамлекетке пайдалуу сунуштары менен кеңештерин берип келген же бере ала турган, өлкөбүздө илимдин өнүгүшүнө салым кошуп жаткан жаш акылмандарыбыздын эмгегин баалоо үчүн аларга “Акыл Тирек” наамын ыйгарып жана “Акыл Тирек” китебине киргизүү менен моралдык жактан колдоону да алып баруудабыз. Бул биздин жаш окумуштууларыбыздын эмгегине таазим кылуубуз жана жаштарды билимге умтулуп, акылга таянуусуна кошо турган салымыбыз деп ойлойбуз.
Ошондой эле, коомдун акыл тиректери илим казып жүргөн окумуштуулар менен гана чектелбээри да маалым. Акыл тиректер массалык маалымат каражат өкүлдөрүнүн арасында да бар. Себеби журналисттер коомго маалымат жеткирүүчү көпүрө гана эмес, өз макала, берүүлөрү жана уктуруулары аркылуу коомду агарткан жана коомдук аң-сезимди пайдалуу нукка бурган чоң күч болуп саналат. Чындыгында тигил же бул маселени терең изилдеп, артынан сая түшүп курч калеми, өзгөчө көз карашы, күчтүү аналитикасы менен мамлекеттик бийликке, коомчулукка жеткирүү аркылуу акыл тирек болуп жүргөн журналисттер аз эмес. Алар диссертация жазып илим казбаса да, журналисттик калеми менен чыныгы абалды көрүп баяндоо аркылуу коомдун акыл тиректерине айланышат. Фонддун алдында дагы бир тапшырма катары массалык маалымат каражаттарынын арасындагы акыл тиректерибизди аныктап, аларга “Акыл Тирек” наамын салтанаттуу түрдө ыйгарып, коомчулук алдында ак эмгегин даңазалоо турат.
Бул максатта Прогрессивдүү Демилгелер Фонду жана Кыргыз Республикасынын Коомдук Телерадиоберүү Корпорациясы биргеликте бардык массалык маалымат каражаттарынын ар кандай тармактарынан тактап айтканда, телекомпания, радио, гезит-журнал, маалымат агенттиктеринен татыктуу, элге эмгеги сиңген журналисттерди өздөрү сунуштоосун талап кылды. Талапкерлерге белгилүү критерийлер коюлду жана эмгектери аналитикалык көз карашты ташуусуна өзгөчө көңүл бурулду.
Журналистика тармагынан “Акыл Тирек” наамына сунуштала тургандарга коюлган негизги талаптар:
Биринчиден, кабарчынын (алып баруучу, продюссер, ж.б.) аналитикалык ой-толгоосу менен жазылган макалаларынын, уктуруу, телеберүү же өз долбоорунун болуусу зарыл;
Экинчиден, жогорудагы эмгеги коомчулукка багытталып, аны маалымат жагынан гана кабардар кылуу эмес, ал эмгектин маңызы тиешелүү коомдун бөлүгүн өнүктүргөн мазмунга (саясат сабаттуулугун, финанасы сабаттуулугун, тарыхый фактыларды тастыктаган ж.б арттырган), агартуучу сапаттарга ээ болуусу тийиш;
Υчүнчүдөн, мамлекеттеги орчундуу маселелерге көз карашын билдирген, эффективдүү чечим сунуштаган, өнүгүүгө негиз боло турган өз публицистикалык эмгектери жана конкреттүү сунуштары болуусу керек;
Төртүнчүдөн, жетишкен ийгиликтери жана курч аналитикалык көз карашы үчүн коомчулук же мамлекет тарабынан жогорку баа жана колдоого татып келгендиги жана жатышы зарыл;
Бешинчиден, профессионалдуу жүрүм-турум талаптарына жооп берүү менен бирге өз тармагында инновация жараткан, элдин ичинде жана элдердин ортосунда тынчтыктын, ынтымактын сакталышын бекемдеген, коомчулукту позитивдүү эмгектери менен алга сүрөгөн журналист болуусу зарыл. Социалдык жоопкерчиликке ээ болуп, эң негизги милдетин – коомчулукка туура, так маалыматты жеткире билген, чынчыл, объективдүү болуусу шарт.
Ар бир жамаат сунуш кылган талапкерлердин аттары протоколдун негизинде бекитилип, анын көчүрмөсү жана кабарчылардын сунуштоо баракчалары кыргыз жана орус тилинде (тиркелген сунуштоо баракчасына ылайык) Фонддун электрондук дарегине (fpi.kg@mail.ru) 2013-жылдын 14-октябрына чейин жөнөтүлмөкчү.
Сунушталган калем чеберлерине 2013-жылдын 5-ноябрь айында “Космопарк” борборунда “Акыл Тирек” наамын тапшыруу салтанаттуу аземи болмокчу. Аземге ММК гана эмес, коомубуздагы алдыңкы мекемелер жана мамлекеттик органдар жана куттуктоого, ыраазычылыгын билдирүүгө келген жарандар катышмакчы.
Сиздерди да бул саамалыкка катышып, журналистика тармагындагы “Акыл Тиректерди” колдоп кетүүгө чакырабыз.
Кошумча маалыматты www.fpi.kg сайтынан же төмөндөгү телефондор боюнча ала аласыздар.
тел.: (0312) 69 06 67 /(702)177424 – Тыныбекова Айзада,
(0312) 69 05 47 /(772) 250915 – Болокбаева Нуруйля.
Добавить комментарий