«Кантип, биз экологиялык кѳйгѳйлүү иш-чара маселесин аткаруу менен эс-алуу пайдасын кѳрдүк?»
«Кантип, биз экологиялык кѳйгѳйлүү иш-чара маселесин аткаруу менен эс-алуу пайдасын кѳрдүк?»
Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун, анын алдындагы «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин жана «Ак Дил» кыймылынын студенттеринин кѳптѳн күткѳн күнү да ѳттү, ал күн 10-май. Бул эмне деген күн жана ал эмнеси менен айырмаланат десеңиз. Мен айтаар элем: Бул күн Фонддо иштеген кызматчылардын жана студенттердин эң таза демилгесин ишке ашыруу, жаратылышка тиешелүү болгон орчундуу кѳйгѳйлѳрдүн баарын болбосо да бирин чечүү эле. Тагыраак айтканда, болуп ѳткѳн күндүн максатын 3кѳ бѳлѳѳр элем:
1. Эгерде сиз байкасаныз, баарыбыз эс-алып жаткан кѳптѳгѳн парктар, коруктар, ээн эс-алуу жайлар күндѳн-күнгѳ булганып, таштандыларга толуп, кирдеп бара жатат. Эмнеге? Анткени, ал жайлардын чек арасында, эч бир жеринде кулактандыруу, кѳзѳмѳлдѳѳ эрежелери эске алынбайт жана бул кѳйгѳйдү чечүү иш чарасы таптакыр колдонулбайт. Биздин максат ошол кѳйгѳйдү чечүү үчүн «Ташатандыларды ыргытпагыла» же «Жаратылышта эс алуу эрежесин сактагыла» деген сыяктуу кулактандыруучу тактайчаларын мүмкүн болушунча Жылуу Суу эс алуу жайынын бүт жерлерине коюп чыктык.
2. Экинчи максатта жогоруда айтылгындай, күндүн эң маанилүү этабы катары Фонддун кызматчылары жана биз студенттер ѳзүбүздүн келечектеги кыялыбыз, каалообуз, пландарыбыз жана ѳткѳндѳгү жетишкендиктерибиз жѳнүндѳ кеп куруп, чын-жүрѳктѳн бѳлүштүк. Бул процесс чыгаан, ѳз ишин билген жана патриот адамдарын тарбиялайт эмеспи. Менин оюмча, деги эле бул иш-чаранын катышуучусу ѳзүнѳ керек болгон эң пайдалуу маалыматтарга, позитивге ээ болду. Ар-бирибиз жакыныраак таанышып, жаңы досторго, жаңы шамдагай окуяларга, эстен кеткис убакытка ээ болдук.
3. Биздин Мекенибиз дүйнѳ жүзүндѳгү эң кооз жерлердин бири болгондуктан, бараар замат эле таза аба, кѳпкѳк асман менен, шибери белден буралган жайлоолорго, биринен бири кооз кокту-колотторго, шаркырап аккан сууларга, карагай-черлүү токойлорго жолуктук. Мындай жерде эс албай коюуу мүмкүн эмес эле. Кечки маал ар бирибиз түркүн оюндарды ойноп, тамашаларды айтып күлүп, позитивге бѳлѳндүк.
Акырында айта турган сѳзүм, ушундай иш-чараларды уюштуруп, чын-ниетинен катышкан Фонддун кызматчылары жана студенттер болсо, кантип Кыргызстан келечекте ѳнүкпѳй койсун. Мен ишенем, «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинен илим, билим алып, аны ѳркүндѳтүп, келечекте Ак калпак элине, Ак мѳнгүлүү жерине кызмат кылган чыгаан адамдар сѳзсүз түрдѳ чыгат.
Рахатбек кызы Назира
«Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин окуучусу,
Чыгыш университетинин студенти
Добавить комментарий