Наверх
  • 0 (312) 620921

Жаңылыктар

Ийгиликке жол ак ниет менен коюлган бийик максаттан башталат

А.Жумадилов: Ийгиликке жол ак ниет менен коюлган бийик максаттан башталат

А.Жумадилов: Ийгиликке жол ак ниет менен коюлган бийик максаттан башталат

8 мая 2014, 15:23
alt

Аты-жөнү: Амангелди Жумадилов

Иштеген жери: “Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун” башкы директору

Туулган жылы: 1987-жыл

Аяктаган окуу-жайы: Кыргыз-Түрк “Манас” университети

Жашоодогу максаты:“Жакшылык унутулбайт, эмгек жерде калбайт” деген ишеним менен алга умтулуу

 

Жаш болсо да, өлкө өнүгүүсүнө, өзгөчө, жаштардын демин алга карай багыттоо жаатында көп иштерди аткарып жүргөн А.Жумадилов, жашоодо ийгилик жаратууну максат коюп, ага жетүүдө өз ыкмалары, карманган жеке  көз карашы бар.

Ар бир саамалыктын башатында – максат турат... ал эми бийик максат коюудан коркуу – ийгиликке бөгөт коет...

Каарманыбыздын пикиринде, ийгиликке жол ак ниет менен коюлган бийик максаттан башталат. Ар бир нерсенин башатында максат турат. Бир кишини экинчисинен айырмалаган сапат коркпостон бийик максат коюп, аны ишке ашырууда ѳжѳрдүгүн кѳргѳзүү болуп саналат. Бул жашоодо адамдын колунан келбеген эч нерсе жок, болгону кѳпчүлүк адамдардын тарых бетинде билинбей ѳтүүсү алардын бийик максат коюудан коркуусу болуп саналат.

Адам бактылуу болуусу үчүн кѳрѳ албастык, ичи тардык сыяктуу арам ойлордон эркин болуу керек...

Бактылуу адам жүрѳктѳгү тынчтыкка жетишкен адам, кѳрѳ албастык, ичи тардык сыяктуу пас сезимдер адамды башкарып калганда, адам сезим кулу болуп, болбогон нерсеге таарынып, касташып, урушуп жана кейип-кепчий берет.

Эгерде биз кандайдыр бир ийгиликке жеткен болсок, ал Жараткандын эркинен болсо керек...

 Биринчи кезекте бизге бул жашоону берген Кудайга тобо кылабыз. Ийгиликти багынтууда ата-энебизге, бир туугандарга жана биздин жашообузда устат болуп жүргѳн ага-эжекелерге милдеттүүбүз деп ойлойм.

Алдыда ѳтѳ бийик максаттар бар...

Алдыга ѳтѳ бийик максаттарды коюп алганбыз, бул нерселер Кудайга аманат. Исхак Раззаков жазып кеткендей "Адам кайсы жакта туулуп, кайсы жакта иштеп, кайда түбѳлүк жай табарын билбейт". Демек бир гана чындыкка, тагыраак айтканда, жакшылык унутулбайт, эмгек жерде калбайт деген ишеним менен алдыга жыла берүү максаттары бар.

“Таш менен урганды, аш менен ур”деген макалды атабыз ар дайым айтып жүрүп акылыбызга сиңип калган...

Салттын бардыгын карманам десем калп айткан болом. Себеби, азыр салттын баарын карманган, аны тереңден билген кишилер абдан аз, жокко эсе. Бирок, кыргыздын улуу сапаттарын жүрѳктѳ сактап, жашоодо аларды колдонууга аракет кылам. Макалдарды кѳп билем, бирок атабыздын ар дайым айтып жүрүп акылыбызга сиңип калган тѳмѳнкүлѳр: “Таш менен урганды, аш менен ур”, ошондой эле, ар дайым “тобо” деп жүргүлѳ, текебер болбогула деген сѳздѳр калыптыр.

Өзүбүздүн деңгээлибизде ийгиликтер болду го ...

Өз алдынча кыялданып койгон максаттарыбыздын аткарылышына карай турган болсок, ѳзүбүздүн деңгээлибизде ийгиликтер болду го. Ал эми бул ийгиликтердин ачкычы тууралуу айта турган болсок, анда бир гана нерсе керек го деп ойлойм, ар бир ишти ак ниет менен жасап, эч кимге жамандык ойлобоо керек.

Жигиттин мойнундагы парздарын аткарууга күч-аракетибизди жумшап келебиз ...

Ал милдеттерди аткардым деп алтымыш жашка же жетимиш жашка чыкканда айтсам туура болот го. Болгону жигиттин мойнунда парздарын аткарууга күч-аракетибизди жумшап келебиз деп жооп берейин.

Жашоомдун маңызы - башкаларга зыян жеткирбей, ар намысыңды сактап жана пайдалуу болуп жашап ѳтүүдѳ...

Бул жашоо кандай гана кызыктарга бай болсо дагы, далилденген ачуу чындык бар: ал бул жашоонун убактылуулугу. Демек, жашоонун маңызы башкаларга зыян жеткирбей, ар намысыңды сактап жана пайдалуу болуп жашап ѳтүүдѳ.

-Амангелди мырза, акыркы кезде жаштар маселеси менен жигердүү алектенүүдөсүз, айтсаңыз, бүгүнкү күндө Кыргызстанда жаштарга жетиштүү көңүл бөлүнүп жатабы?

-“Өлкѳңдүн келечеги  болсун десең жаштарга кам кѳр” дейт. Тилекке каршы, биздин ѳлкѳдѳ жаштарга кам кѳрүү - тѳмѳн деңгээлде. Фонд аркылуу жаштар менен иш алып барып жүрүп, бир нерсеге дагы бир ирээт кѳзүбүз жетти: Кыргызстанда туура багыт берилсе, ѳлкѳнү болуп кѳрбѳгѳндѳй бийиктиктерге алып чыгуучу жаштар бар. Бирок, кейиткени жаштар билимдүү, жѳндѳмдүү жана активдүү болгону менен аларда жалпы багыт, орток  баалуулук жок. Жаштар батышчыл, орусиячыл, түркчүл, арабчыл жана башка болуп ар кандай баалуулуктарды кѳтѳрүшѳт. Жети тилде сүйлѳп, жети мамлекеттен билип алып иштесең да, кыргызчыл болуп кала турган жаштар жок. Бул ѳтѳ кейиштүү. 

-Мамлекет башчы А.Атамбаев саясий элиталардын жаңы муун менен алмашуусу тууралуу маселени көтөрүүдө, ал үчүн кандай иш-аракеттер жасалышы зарыл?

-Ар нерсеге жетүү үчүн миллион жолдор бар. “Ким жол издеп чыкса, ал аны сѳзсүз табат” делет. Адам чынында кааласа жана алга карай чечкиндүү кадамдарды таштаса, кандай гана кыйын маселелерди чечүүгѳ айла-арга табылбай койбойт. Тарых чечкиндүү жана шар жасалган иштерди калтырып, анын башында турган лидерлерди жакшы кѳрѳт. Демек, бул багытта чечкиндүү иштерди кылуу керек. Эгерде жүрѳктѳн бекем чечим чыккан болсо, ага жетүүгѳ жолдор табылат. Дүйнөдө бийик максаттарды коюп, ага жаш балача ишенип, иш жүзүндѳ тырышчаактык менен аткарган кѳптѳгѳн лидерлер болгон. Ток этер жерин айтканда, жаштар дагы, калк дагы бул ишти күтүп турат, жүрѳктѳн бекем чечим чыгып, ал үчүн конкреттүү иштер башталуусу абзел.

-Эмгек, жаштар жана миграция министрлигинин ишмердүүлүүгөн карата акыркы кездери ар кыл сын-пикирлер айтылууда, ага карата сиздин пикириңиз? Мисалга, “министрлик той өткөрүү менен гана алектенет, ал эми жаштардын курч көйгөйү артта калууда” деген сыяктуу.

-Калк арасында мындай сѳздѳр жүрүп жатса, анын чындыгы бардыр. Бир гана нерсени айта алам, министрликте кѳптѳгѳн мүмкүнчүлүк жана шарттар бар. Алар сѳзсүз түрдѳ эле мамлекеттин бюджеттен бѳлүп берип жаткан акчасы менен ѳлчѳнбѳйт. Жана жаштардын жаратман жолдор менен мамлекеттин ѳнүгүүсүнѳ салым кошуусуна шарттарды түзүү керек. Бул министрлик жаңы жаратман жана жѳндѳмдүү жаш муундун бардык тармакта (мамлекеттик бийликте, бизнесте, илимде жана коомдук турмушта ж.б.) пайда болуусуна ѳбѳлгѳ болуучу жайга айлануусу тийиш.

-Өлкөдө жаш кадрларды тутумдуу тарбиялап өстүрүү маселеси алсыз дегенге кандай карайсыз?

-Мен буга толугу менен кошулам. Тарбиялап ѳстүрүүнүн принциптери жана жолдору ѳзгѳрүүсү зарыл.

-Жаштарды түйшөлткөн курч маселелер кайсылар?

-Жаштарды түйшѳлткѳн маселе - "ѳлкѳдѳ тынчтык жана биримдик болуп, ээ болгон билимибиз жана мүмкүнчүлүктѳрүбүздү мамлекетибиздин пайдасына колдоно алабызбы, же ѳлкѳбүздѳн алган бардык күч-кубат жана билимибизди башка мамлекеттердин ѳсүп ѳнүгүүсү үчүн колдонуп жүрѳ беребизби?" деген суроо. Улуттук ар-намысыбыз кѳтѳрүлүп, баш кѳтѳрүп жашайбызбы же бири-бирибизди басып, кордоп жүрѳ беребизби деген суроолор кыжаалат кылат.

-Аларды чечүүгө жаштардын жеке аракети кандай болууда?

-Жаштардын аракет күчү байкалууда десем эч жаңылышпайт болушум керек. Канчалаган жаштар уюмдары, канчалаган улан-кыздар жѳнѳкѳй турмуштук кѳйгѳйдѳн баштап мамлекеттик деңгээлдеги маселелерди кѳтѳрүп ѳз салымын кошуп келет.

-Өсүп келе жаткан муун тууралуу кайчы пикирлер айтылып жүрөт, бири жаштардын  билими төмөн, илең-салаң муун өсүүдө десе, экинчи тарап – заман талабына бап келген, активдүү, намыстуу жаштар өсүп келе жаткандыгын билдирүүдө. Сиз кайсы пикирге кошуласыз, албетте "беш кол тең эмес, ошентсе да жаштардын сапаттык курамы кайсы жагына басым жасайт?"

-Пайыздык катнаш менен жаштар тигиндей же мындай деп айтуудан алысмын. Жаштарга дем жана түрткү берүү керек. Бир гана нерсени айта алам, бүгүн мамлекетибиздин келечегин ѳнүгүүгѳ карай чоң ѳзгѳрүүлѳргѳ алып бара турган жетиштүү санда жаштар бар.

-“Атага тең уул, атадан кем уул жана атадан артык уул” деп баа берилет кийинки муунга, сиз өзүңүзгө кандай уул болууну максат коесуз?

-Албетте, атадан артык уул болуу. Ар бир жигит атадан артык уул болом дебесе, анда кыргыздын келечеги кандай болот? Кийинки муун мурунку муундан артык болууга умтулуусу керек. Ошондо гана биз улут катары сакталып, мамлекетибизди ѳркүндѳтѳ алабыз.

Даярдаган Алтынай Мураталиева “Кабар”

http://www.kabarosh.kg/news/view/id/2907

Система Orphus
Добавить комментарий

Ваша эл. почта не будет опубликован. Обьязательные поля *

Комментарий не существует

Жарыялар

Внимание! ОТКРЫТ НАБОР НА 7 ПОТОК ОБЩЕСТВЕННОЙ ШКОЛЫ «ЮНЫЕ ЛИДЕРЫ КЫРГЫЗСТАНА».

Внимание! Объявляем набор на СУПЕР ПРОЕКТ Общественная школа «МЛК».

ВНИМАНИЕ!!!

Общественная школа "Молодые лидеры Кыргызстана" и ЮЛК

Кулактандыруу! Убакыт келди!

Внимание! Общественная школа «ЮНЫЕ ЛИДЕРЫ КЫРГЫЗСТАНА» IV поток

III Всемирный конкурс кыргызстанцев Акыл Тирек 2015

Внимание! Внимание! Внимание!

Көнүл бурунуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебине билдирүүлѳрдү кабыл алуу башталды.

Көнүл бурунуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебине билдирүүлөрдү кабыл алуу мөөнөтү узартылды.

25/06/2014 ж. саат 18:15 "Кыялымдагы Кыргызстан" долбоорунун 3-оюнун КТРКдан көрө аласыздар.

Кыялымдагы Кыргызстан 18.06.2014ж саат 18.20

Каржы сабаттуулугу боюнча коомдук лекция белгисиз бир убакытка жылдырылууда

"Коучинг. Уюштуруучулук консультациясы"

Обсуждение предстоящих мероприятий

Кѳңүл буруңуз! «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин экинчи тандоосу башталды

Кыргызстандыктардын Экинчи Бʏткʏл дүйнөлүк «Акыл Тирек» жарышы

И12-апрель ишембилиги жылдырылды

Внимание! Внимание!!! Срочно!!! Срочно!!!

Конул бурунуз! "Кыялымдагы Кыргызстан" сынагына билдируулорду кабыл алуу узартылды

Жарыялар топтому

Патриотизм

маңкуртчулук жана кыргыз элинин территориялык маселелерине, улуттук тилге, тарых, маданият жана каада-салтттарына кайдыгерлик мамилени четке кагуу

Жаратмандык ишмердүүлүк

регионализм, радикализм, диний фанатизм жана улутчулдук кыймылдарын четке кагуу

Конструктивдүүлүк

максатсыз карама-каршылыктарга, кыйратуучу конкуренцияга каршы болуу;

Объективдүүлүк

каралоо, ушактоо, далилсиз маалыматтары жайылтуу жана ар кандай уюмдардын өз кызыкчылыгын көздөгөн максаттарынан алыс болуу

Профессионалдуулук

дилетантизм жана караңгы ойлорго каршы болуу

Нейтралдуулук

оппозиция жана пропозицияга бөлүнүүдөн алыс болуп, баары менен бирдей иштешүүгө даяр болуу

Өнөктөштөр

  • Радио Алмаз
  • Кыргызское радио
  • K-NEWS
  • KABAR.KG
  • МАРАЛ радио
  • Ош Шамы
  • Манас радио
  • РОСИНБАНК
  • БАКАЙ БАНК
  • ЭЛТР
  • ОТРК
  • Комитет Развития Исламской Экономики
  • Аргументы и Факты газетасы
  • радио Рекорд
  • Алиби
  • Асман пресс
  • Радио Азаттык
  • Эхо Манас
  • Манас Университети
  • Жаны агым
  • Айбат
  • Эркин тоо
  • Кереге
  • Турк эл
  • Заман
  • Жаны ордо
  • Газета
  • Саясат
  • Общественный Фонд
  • Центр развития человека САМО
  • Национальный институт стратегических исследований
  • Бир Дүйнө
  • Клуб частных инвесторов
  • Всемирный Банк
  • Финансовая компания
  • Хаятт Ридженси Бишкек
  • Человеческие ресурсы
  • Международный  журнал  «Деловой собеседник»
  • Центр Тренинга и Консалтинга
  • НАРЫН ИНФО
  • Ассоциация Развития Исламской Экономики, Финансов и Индустрии
  • “Sanatkg” культурно-общественный журнал
  • Журнал
  • Радио ОК
  • ВВС
  • Газета
  • Женский глянцевый журнал «Бишкекчанка»
  • Надёжный хостинг в Кыргызстане
  • Международная молодежная общественная организация «Содружество»
  • Министерство образования и науки КР
  • Центр развития Ала-Тоо