Коомдук мектептин 3-агымына алгачкы 1 жумалык тренингдер өткөрүлдү
Алгачкы 1- жумалыкта өткөрүлгөн тренингдер кызыктуу жана жаш лидерлердин кызыгууларын жарата алды.
2015-жылдын 3-7-мартына чейин «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин 3-агымынын студенттерине алгачкы 1 жумалык тренингдер өткөрүлдү. Алгач коомдук мектептин 100 студентин 4 топко бөлүп, ар бир топко өзүнчө тренингдер өткөрүлүп жатат. Жаш лидерлерге жакшы дем-күч берүү жана команда менен иштешүүнү үйрөтүү максатында “Тимбилдинг” жана “Максат коюу жана ага жетүү” аттуу тренингдер бардык топко ар башка күндөрү өткөрүлдү. Бул тренингтерден кийин лидерлер пайдалуу маалыматтарга ээ болушту. Ал эми 1-топко “Чечендик өнөр” тренинги да өтүлүп, эл алдында сүйлөөнүн ар кандай методдорун үйрөнүшүп, лидерлер үчүн эң кызыктуу тренингдердин бири болду. Коомдук мектептин окуу программасында лидерлер үчүн мамлекеттик жана жеке иш-каналарга экскурсияга чыгууга да мүмкүнчүлүк каралган. Ушундай экскурсияга 2-топ Кыргызстандагы 5 жылдыздуу “Жаннат Ридженси” мейманканасында болушуп, аталган мейманкананын ар тараптуу жетишкендиги жана ар бир номерлери менен таанышып чыгышты. «Баалуу кагаздар рыногу» жана “Үй бүлөлүк бюджетти башкаруу” тренингдери 3-топко өткөрүлдү. Биздин экономикабызга байланышкан нерселер үй бүлөлүк бюджеттен башталары жана акчаны кантип туура пайдалануу керек экендиги туралуу, лидерлер бул тренингдерден жетишээрлик маалымат ала алышты. Ал эми акыркы 4-топко “Коммуникация” тренинги өткөрүлүп, коммуникация деген эмне? жана коммуникациянын ар түрдүү багыттары туралуу тааныша алышты. Алгачкы 1- жумалыкта өткөрүлгөн тренингдер кызыктуу жана жаш лидерлердин кызыгууларын жарата алды. Бул 100 лидерлер ар кайсы жогорку окуу жайлардын студенттери болгондуктан, бул жумалыкта бири-бири менен жакындан таанышып алышты. Келечектин жаш лидерлерине өткөрүлүп жаткан жана өткөрүлө турган тренингдер, пайда алып келет деп ишенебиз. Өнүгүүгө карай багыт алып, жаңы муунду тарбиялап чыгууну көздөгөн иш-аракет дагы да болсо улана бермекчи.
Добавить комментарий