Коомдук мектептин бүтүрүүчүлѳрү «Даткайым» кыздар жатаканасында тренинг ѳткѳрүштү
19-февраль күнү И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетиндеги Гуманитардык билим берүү институтунун студенттерине, окуу жайдагы мугалимдердин кайрылуусу менен «Бизнести пландаштыруу» темасында тренинг ѳткѳрүлдү.
Коомдук мектептин бүтүрүүчүлѳрү «Агартуу лигасы» долбоорунун алкагында ѳз билимдерин бѳлүшүп келүүдѳ. Алардын катарында 20-23-февралда «Даткайым» кыздар жатаканасында жашаган студенттерге да тренингтер: «Алга умтулуу», «Убакытты туура пайдалануу», «Ѳздүк каражатты туура пайдалануу» жана «Чечендик ѳнѳр» темаларында ѳтүлдү. Катышуучулар ар кайсы университеттин студенттери болгондуктан, бири-бири менен жакындан таанышып, бири билбеген билимди бирине үйрѳтүү зарыл экендигин жана эртеңки келечек ѳз колубузда экендигин дагы бир ирет түшүнүшүп, тренингтерди уюштургандарга ѳз ыраазычылыктарын билдиришти.
Ал эми, 19-февраль күнү И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетиндеги Гуманитардык билим берүү институтунун студенттерине, окуу жайдагы мугалимдердин кайрылуусу менен «Бизнести пландаштыруу» темасында тренинг ѳткѳрүлдү.
Добавить комментарий