Коомдук мектептин Ош шаарындагы бүтүрүүчүлѳрү «Агартуу лигасы» долбоорун ишке ашырууда
Учурда, коомдук мектептин Ош шаарындагы бүтүрүүчүлѳрү алган билимдерин бѳлүшүү максатында «Агартуу лигасы» долбоорун ишке ашырууда.
«Прогрессивдүү Демилгелер Фонду» коомдук фондусу 2014-жылы Ош шаарынын жаштары үчүн «Кыргызстандын жаш лидерлери» коомдук мектебинин 1 айлык окуу курсун ийгиликтүү ишке ашырып келген. Учурда, коомдук мектептин Ош шаарындагы бүтүрүүчүлѳрү алган билимдерин бѳлүшүү максатында «Агартуу лигасы» долбоорун ишке ашырууда. Тактап айтканда, үстүбүздѳгү жылдын 18-февралында алгачкылардан болуп Жапалак айылынын «Курманжан Датка» орто мектебинин окуучуларына, 3 темада тренинг ѳтүп келишти. Катышуучулар тренингтен кѳптѳгѳн пайдалуу жана кызыктуу маалыматка ээ болуу менен бирге, уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдиришип, келечекте да ушундай пайдалуу тренингтерди уюштуруп турууларын суранышты.
Учурда, Ош шаарынын орто мектептеринин ѳкүлдѳрү менен сүйлѳшүүлѳр жүрүүдѳ жана жаш тренерлер дыкаттык менен ар бир тренингке даярданышууда.
Добавить комментарий